АПОСТОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:50, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОСТОЛДОР (гр. apostolos – элчи) – алгачкы христиан ад-тында христиан дининин үгүттөөчүлөрү; «Жаңы осуят» б-ча 12 А. Иисус Христостун эң жакын жолдоочулары (окуучулары).«Жаңы осуятта» көпчүлүк учурларда Иисус Христостун 12 окуучусу ж-а апостол Павелдин ысмы аталат. Павелдин дин илиминде ж-а Евангелияда А-дун кызматынын маани-маңызы берилген. Анда апостол – Кудайдын Иисус Христос аркылуу жиберилген өкүлү. А-дук кызмат биринчи кезекте үгүт жүргүзүү, сыйынуу ырым-жырымдарын аткаруу. Еврей элинин 12 муунун негиздөөчү Иаковдун уулдары сымал А. чиркөөнүн башында туруп, ал эми чиркөө жаңы эсхатологиялык Израилдин борбору болушу керек,-деп белгиленген. А. Евангелия ж. б. дин ад-ттарында Петрдан башталып, Филипп ж-а Иаков Ал­феев, Андрей, Иаков Зеведеев ж-а анын бир тууганы Иоанн, Варфоломей, Фома, Матфей ж. б. аталат. Б. з. ч. 2-к-да Евангелияны үгүттөп, жер кезип жүргөндөр да жалпысынан А. деп аталган. Чиркөөдө дин үгүтүн жүргүзүп, кызмат кылгандар учурда да А-го тең катар айтылат. Мис. Грузиянын агартуучусу Нина, улуу князь Вла­димир, ыйык Николай Японский ж. б.