АПИС
Jump to navigation
Jump to search
АПИС– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука. Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис ж-a Ра кудайлары м-н байланыштырылган мифтер кездешет. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери б-ча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 мумия табылган).