АПЕННИН ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕННИН ТООЛОРУ (Appennino, кельт тилинде пен – чоку) Апеннин ж. а-нда, Италияда. Уз. 1200 кмдей. Эң бийик жери 2914 м (Корно чокусу). Түн. (Лигурия ж-а Тоскана-Эмилия), Борб. (Умбрия-Марке, Абруццо) ж-а Түш. (Неа­поль, Лукка) А. т-на бөлүнөт. Алар альп бүктөлүүсүндө пайда болгон кыр зонасы негизинен акиташ, сланец, кумдук тоо тектеринен турат; чет жакаларында флиштүү жапыз тоолор, түш,-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы) орун алган. Климаты субтропиктик жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны айдарым батыш капталдарында 1000–2000 мм (Лигурия А. т-нда 3000 ммте чейин), чыгыш капталдарында ж-а тоо аралык өрөөндөрдө 600–800 мм. А. т-нан Тибр, Арно ж. б. дарыялар башталат. Түндүгүндө 300–500 м бийиктикке, түштүгүндө 600–800 мге чейин жемиш багы, парк, зайтун токою, жүзүм өстүрүлөт; жер ортолук деңиздик бадал (маквис) ж-а токой өсөт. Түндүгүн 900 мге, түштүгүн 1000-1200 мге чейин аралаш токой (эмен, мырза карагай, каштан ж. б.), бадал, андан жогору бук ж-а ийне жалбырактуу (көк карагай, мырза карагай) токой, жогорку жагында субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Капталдары жайыт катары пайдаланылат.