АПАЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:34, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПАЧИ, а п а ч е (өздөрүн дине, нде, тинде деп аташат) – АКШнын түш.-батышындагы индей – атапаска элдеринин тобу. A. уруулары Аризона, Нью-Мексико, Оклахомадагы резервацияларда жашашат. АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматы б-ча А. уруулар тобуна кирген калктын жалпы саны 111 810, а. и. «таза кандуу» А-лер 63 193 адамды түзөт (2010). А. атабаск тилинде сүйлөшөт, англис ж-а испаи тили да кеңири колдонулат. Дини – христианчылык, о. эле шаманизмди туткандар, баптисттер ж. б. бар. А-лерге тектеш элдер – навахолор. А. 6 топко бөлүнөт: батыш А-лер, чирикауалар, мескалеролор, хикарильялар, липандар, кайова А-лер. А-дин 14–15-к-да АКШнын түш.-батышына ж-а Мексиканын түндүгүнө миграцияланышы, алардын этникалык өзгөрүшүнө алып келген. А-лер аңчылык (кийинчерээк европалыктардын таасири м-н атчан аңчылык кеңири жайылган), жер-жемиш жыйноочулук, дыйканчылык м-н кесиптенишип, алачык ж-а бадал жыгачтарынан салынган жупуну үйлөрдө жашашкан. А-лер 1886-ж. чейин испандык (1540), мексикалык ж-а амер. (1845) колониялаштырууга каршы туруктуулук м-н күрөшүп келишкен. 1850-ж. А-ди резервацияларга көчүрүү башталган. Азыркы мезгилде чарбачылыктын жаңы тармактары: мал чарбачылык, фермердик, то­кой иштетүүчүлүк ж. б. өнүгүп жатат.