АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ – туюнтманын жалпы түрү алдын ала белгилүү болгон учурдагы анын белгисиз коэффтерин табуу ыкмасы. Р(х) ж-а Q(x) алг. көп мүчөлөрдөн турган түрүндөгү дурус бөлчөгүн (алымынын даражасы бөлүмүнүкүнөн кичине) чектүү сандагы жөнөкөй бөлчөктөрдүн суммасы түрүндө туюнтууга болот, мында А,В,С, a,p,q чыныгы сандар ж-а х2 + рх + q квадраттык үч мөчүсү чыныгы тамырга ээ болбойт. Мис., рационалдык туюнтмасы түрүндөгү бөлчөктөрдүн суммасына ажырайт. А, В, Сны табуу үчүн эки туюнтманы барабарлап, , жалпы бөлүмдөн кутулуп, окшош мүчөлөрүн топтоп, жөнөкөйлөштүргөндөн кийин түрүнө келет. Бул барабардык x тин бардык маанилеринде туура, ошондуктан х тин бирдей даражага ээ болгон мүчөлөрүнүн коэфф-тери барабар болот.

Анда: системасын чыгарып, маанилерин табууга болот. Берилген туюнтманын ажыратылып жазылышы: . А.к.м. дифференциалдык теңдемелерди чыгарууда, рационал­дык функцияларды интегралдоодо, көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратууда, сандык методдордо ж. б. маселелерде кеңири колдонулат. Мис., интегралынын жогоркудай ажыралышы пайдаланылганда, төмөнкүдөй интегралданат: .

Ад.: Фихтенголъц Г. М. Курс дифференциального и интегрального исчисления. Т. 2.М., 1969; Смирнов В. И. Курс высшей математики. М., 1974.
Б. Э. Назаркулова.