АНТЭКОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 2 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТЭКОЛОГИЯ (гр. anto – гүл ж-а ... экология) – биоэкологиянын бир бөлүгү; өсүмдүктөрдүн гүлдөө ж-а чандашуу процесстерин изилдейт. Терминди 1904-ж. Ч. Робертсон киргизген. Азыркы учурда А. гүлдөрдүн экологиясы, гүлдөөнүн экологиясы ж-а ч а ң д а ш у у н у н экологиясы аттуу үч багыттан турат. Биринчи багыт экол. кырдаалды эсепке алуу м-н гүлдөрдүн чаңдашууга ыңгайланышын, экинчи багыт жаратылыш факторлорунун (жарык, темп-pa, нымдуулук ж. б.) гүлдүн өсүү функциясына таасир этүүсүн ж-а үчүнчү багыт экол. факторлордун – гүлдөрдүн чаңдашуу процессине кыйыр таасир этүү м-н бирге алардын өз ара көз карандылыгын изилдейт.