АНТРОПОМОРФИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОМОРФИЗМ (антропо... ж-а ...морфизм) – материалдык ж-а руханий объекттерге: тоо-таштарга, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, мифологиялык каармандарга (күчтөргө) адам сапаттарын ыйгаруу. Бул көрүнүш байыркы диний ишеничтер м-н тыгыз байланыштуу. Ал тууралуу кыргыздын көөнө фольклорунан көрөбүз. Анда жаныбарлар (айбанат, канаттуу) ж-а жансыз нерселер адамча сүйлөйт («Эр Төштүк» эпосундагы – Чалкуйрук, «Кожожаштагы» -Сурэчки, «Кыямат» романындагы – Акбара).