АНТРОПОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:18, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОМЕТРИЯ (антропо... ж-а ...метрия) - адам денесинин морфол. өзгөчөлүгүн баалоо методдору м-н ыкмаларынын жыйындысы. Ага бойду, салмакты, дененин сырткы келбетин, о. эле бир катар функциялык көрсөткүчтөрдү өлчөө кирет. А. медицинада, негизинен дене өсүшүн изилдөөдө, айрыкча балдардын өсүшүн текшерүүдө өзгөчө мааниге ээ. Анткени ал – организмдин өсүшүнүн ж-а калыптанышынын көрсөткүчү. Бир жашка чейинки баланын бою, салмагы, баш, көкүрөк курчоосу ж.б. ай сайын, мектепке чейинки балдардыкы жылына кеминде 2 жолу, окуучулардыкы жыл сайын өлчөнөт. Мындай текшерүүлөр балдардын өсүү ж-а өөрчүшүндөгү кемчиликти өз убагында табууга мүмкүндүк берет. А. кишилерди диспансерлөөдө, армияга чакырылгандарды, спортчуларды мед. текшерүү жүргүзүүдө пайдаланылат. А. криминалистикада ж-а сот медицинасында да чоң мааниге ээ.