АНТИЛОПАЛАР
Jump to navigation
Jump to search
АНТИЛОПАЛАР – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбарлар. Денеси субагай, буттары ичке, узун, илбериңки. Көпчүлүк түрүнүн эркегинде гана мүйүз болот. Көбүнчө Африка ж-а Азия (жейрендер, бөкөндөр) талаа, чөл мейкиндигинде жашайт. Айрымдары тоолуу жерлерде, субальпы ж-а альпы бөксө тоо
өрөөндөрүндө кездешет. А-дын эти, териси ж-а мүйүзү үчүн мергенчилик жасалат. Алардын саны азаюуда, айрымдары коргоого алынган. Бир катар түрлөрү улуттук парктарда гана сакталган.