АНТИКЛИНАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:05, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИКЛИНАЛЬ (анти... ж-а гр. klino – төмөн ийем), антиклиналь бүктөлүүсүтоо тек катмарларынын балык жон тартып бүктөлүшү (к. сүрөт). А-дын борб. бөлүгү эзелки, ал эми чет жактары кийинчээрек пайда болгон катмарлардан турат. А. бир нече смден жүздөгөн мге созулушу мүмкүн (к. Буктөлуулөр).

А-дын ийилген жери – кулпусу, капталдары - канаттары, ошол канаттарынын кошулган жери октук бети деп аталат. Октук бет м-н канаттардын мейкиндикте жайгашуусуна жараша тик, жантык, көтөрүлгөн ж-а жатып калган А. деген түрлөргө бөлүнөт. Узуну туурасынан бир нече эсе ашыктык кылса – сызыктуу А., ал бир аз чоңураак болсо, казанбак (купол) деп аталат.