АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 14 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ – иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин өзгөчө антитело м-н байланышы. Бул реакция антитело ж-а антигендин структураларынын дал келиши м-н мүнөздөлөт. Антиген м-н антитело өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик, электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы ж. б. Ал - гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу бул реакция м-н башталат. О. эле иммундук комплекстин пайда болушу – анафилаксия, аутоиммундук оорулар ж. б-лардын патогендик механизми.