АНТАРКТИДА ОАЗИСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:05, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАРКТИДА ОАЗИСИ– Антарктиданын чет жакасындагы муз каптаган бош жерлер. Аянты ондогон км2ден жүздөгөн км2ге (Бангер оазиси, 952 км2) чейин. Айланасындагы аймактардан катаалдыгы азыраак, жерг. климаты, суук чөл ландшафтысы, суунун жыл бою суюк абалда болушу, көлдөрүнүн көптүгү, криоген-структуралуу топурактын ж-а орг. тиричиликтин болушу м-н айырмаланат. Кадимки же шельф жанындагы, тоо аралык ж-а тоолуу оазистерге бөлүнөт. А. о-нде уюлдук станциялардын көбү жайгашкан. Чөл оазистерине окшоштуктары б-ча (аларды айланасындагы жерлерге караганда жашоого ыңгайлуураак шарттары б-ча бириктирет) «Оазис» терминин Антарктиданын шартына ылайыктап колдонууну 1938-ж. канадалык уюл изилдөөчү А. Стефансон сунуш кылган.