АНОА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:42, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОА (bubalus depressicornis) – кепшөөчүлөр түркүмчөсүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү, кээде өзүнчө урууга киргизет. Азыркы жапайы букалардын эң кичинеси; дене уз. 100-170 см, өркөчүнөн бийикт. 62-100 см, салм. 150-300 кг . Мүйүзү кыска, түз, кесилишинде үч бурч, жогору же артын көздөй кайрылат. Түсү кочкул-күрөң, тумшугунун үстүндө, тамагында ж-а бутунда ак тактары бар; музоосу калың саргыч-күрөң жүн м-н капталган. Сулавеси а-н гана мекендейт, демейде саздуу токойдо ж-а калың бадал арсында жайшайт; антрпогендик ландшафтка кирбейт. Жалгыз же жубу м-н жашайт. Жер бетиндеги ж-а суу өсүмдүктөрү, мөмөлөр м-н азыктанат. Жалгыздан, кээде эгиз тууйт. Жергиликтүү эл эти ж-а териси ( ритуалдык кийим даярдоого) үчүн өтө аңчылык кылгандыктан саны азайып кеткен. ТКЭСтин (МСОП) кызыл китебине катталган. (сүрөтү бар, БРЭ, 2-том, 13-бет).