АНКЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКЕР (нем. аnker, түз мааниси – якорь) — омок – имарат, курулманын ж-а техниканын конструкциялык бөлүктөрүн бекитүүчү тетик. Курулуш тармагында көбүнчө арматурадан, бурамалардан бетондун тулкусуна орнотулуп атайын калтырылып коюлат да, кийинки жалгаштырыла турган конструкция үчүн бекиткич (омок). Арматурадан жасалганы ширетүү м-н, бурама анкер буралмалар аркылуу жалгаштырылат; саатты жүргүзүүчү механизмдин якорго окшогон бөлүгү. Аны саат оңдогуч У. Клемент ойлоп чыгарган (1675). Саат жасоодо саат механизминин бир калыпта жүрүшүн камсыздайт; 3) айрым өлкөлөрдө негизинен шарап, суу ташууда пайдаланылуучу (көлөмү 16-50 л) идиш (челек).