АНЕТО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕТО, Пико-де-Ането – Пиренейдин эң бийик чокусу. Испанияда. Бийикт. 3404 м. Маладета тоо массивинде жайгашкан. Негизинен гранит, төмөнкү бөлүгү аки таш тегинен турат. Кар катмары ж-а чакан мөңгүлөрү бар. Байыркы мөңгөлөрдүн издери сакталган. Капталынын этегинде бук, эмен ж-а каштандан турган токойлор өссө, 2300–2400 мге чейин бадал, ийне жалбырактуу карагайлар, андан жогору альп шалбаасы өсөт. Чокуга алгач 1787-ж. француз табият таануучусу ж-а саякатчы Л. Рамон чыккан.