АНДРОМЕДА
Jump to navigation
Jump to search
АНДРОМЕДА (Andromeda) – асман сферасынын Түн. жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш А. тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. А. топ жылдызынын а, b ж-а g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, А. ж-а Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. А-нын a жылдызы – Керилген сабаа топ жылдызынын да а жылдызы.