АНГОЛА-КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГОЛА - КОНГО АЛМАЗ ПРОВИНЦИЯСЫ–алмаздын запасы ж-а казып алынуусу б-ча дүйнөдөгү кенташтуу (рудалуу) ири аймактардын бири. Ангола Респ-сынын ж-а Конго Демокр.Респ-сынын аймагында жайгашкан. Дүйнөдөгү алмаздын 1/4 бөлүгү ушул аймактан казылып алынат. Аянты 140 миң км2 . Суммардык ресурсу (млн карат): алмаз кен чачындысыныкы 150 (Ангола) ж-а 100 (Конго), алгачкы кендериники 580 (Ангола) ж-а 250 (Конго). 1907-ж. Касан д-нын өрөөнүндө чачынды табылып, 1913-жылдан ачык казып алынат. Мындагы алмаз бор мезгилинде пайда болгон кимберлит интрузиясы м-н байланышкан. Алар негизинен провинциянын түш.-чыгыш чеги б-ча өз-өзүнчө бөлүнгөн аймактарды пайда кылган. Анголада 7 кимберлит аймагы (аларда 800дөн ашуун түтүк, а. и. эң ири Камафука-Камазамбо, Катока түтүктөрү), Конгодо – бирөө (15тей түтүк) бар. Алмазды казып алуу негизинен анын чачынды кендеринен – антропогендик борпоң тоо тектеринен (кум м-н шагылдан (зергерлик алмаздын 65–85% алынат), андан башка бор мезгилинин конгломераттарындагы ж-а кимберлиттердеги байыркы кен чачындыларынан казып алынат. Мында казып алуу адеп башталгандан тартып бардыгы 1 млрд карат, а. и. Анголанын чачынды кендеринен 60 млн карат алмаз өндүрүлгөн.