АМПЕР-СААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМПЕР-СААТ – электр санынын СИ системасынан тышкаркы бирдиги. Ал ток күчү 1 А болуп, өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 1 сааттын ичинде өтүүчү электр зарядынын санына барабар. А.-с. эл аралык системада A-h, орусчасы А-ч, кыргызча AЧс деп белгиленет. А.-с. м-н көпчүлүк учурда аккумулятордун электр заряды туюнтулат.