АМОРФТУК ТИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК ТИЛДЕР (гр. amorphos – мүчөлөбөс) – мүчөлөр жалгануу аркылуу өзгөрбөгөн, б. а. сөз өзгөртүүчү ж-а сөз жасоочу мүчөлөр жалганбаган тилдер. Мис., буга кытай, япон, вьетнам тилдери кирет. Бул тилдер түр, форма б-ча да өзгөрбөйт. Аморфтук тилдерде жөндөмө, жак, чак, сандык көрсөткүчтөрдү билдирбеген, формалдуу касиеттери көрүнбөгөн, грамматикалык катыштары м-н сөздүн орун тартиптери аркылуу билине турган тилдердин түпкү уңгу түрү болот.