АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКАЛЫК ЛИНГВИСТИКАЛЫК КООМ (АЛК) – АКШ тилчилеринин тирүү тилдерди синхрондуу түрдө изилдөө максатында түзүлгөн уюму. АКШнын 29 белгилүү тилчилеринин демилгеси м-н 1924-ж. негизделген. Уюштуруу комитети: Л. Блумфилд, Э. Стёртевант, Дж. М. Боллинг ж. б. эмгектенишет. 4200дөн ашык мүчөсү (2000) бар бул коомдун чогулушу жылына бир жолу болот. Аны жыл сайын шайланып туруучу президент жетектейт. Уюштуруу борбору – секретариат (Вашингтон ш.). Коомдо аткаруу ж-а басма б-ча комитеттер иштейт. Басма б-ча комитеттин төрагасы – АЛКнын басма сөз органы болгон «Language» («Тил») журналынын редактору. Адегенде коомдо тирүү тилдердин, айрыкча изилденген тилдердин жаралышы гана катталып жазылган (а. и. америкалык индей тили) болсо, кийин бул коомдун тематикасы кеңейип, граммат. теория, жазуу, типологиялык лингвистика, тилдик өзгөчөлүктөр, о. эле тилдин келип чыгуу тарыхы, анын өзгөрүүсү, жоюлуу себеби да изилдене баштаган. Бюллетени (LSA Bulleti) жылына бир жолу, ал эми АКШ, Канададагы лингвистикалык иштер ж-а окумуштуулук даражаларды, наамдарды ыйгаруу б-ча программалар жылына 2 жолу жарык көрөт. АЛКнын программасы негизинен Л. Блумфилддин «Тил жөнүндө илим үчүн бир нече жоболор» (1926), «Тил» (1933) деген эмгектеринде баяндалган. Кийинчерээк ал 3. Харрис, Б. Блок, Дж. Трейджер, Г. Смит, Ч. Хоккет ж. б. тарабынан өнүктүрүлүп ишке ашкан. АЛКнын ил.-из. иштери 20-к-дын 20-ж-нын аягына чейин . Л. Блумфилддин концепциясы (дескриптивдик лингвистика) м-н байланыштуу жүргүзүлсө, 60-жылдан кийин Н. Хомскийдин концепциясына, 70-жылдан тартып прагматика маселесине багыт алган. Б. Жайлообаев.