АМЕРИКА ФУТБОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:14, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМЕРИКА ФУТБОЛУ – сүйрү топ м-н туурасынан 20 чийинге бөлүнгөн төрт бурчтук аянтта  (90x49 м) ойнолуучу командалык спорт оюну. Командада 45 оюнчу (чабуулчулар, коргоочулар  ж-а атайын команда) болуп, 11 кишиден ойношот. Оюн 15 мүнөттүк 4 бөлүктөн турат. А. ф. 1869-70-ж. АКШда пайда болгон. 1900-жылдан 
АМЕРИКА ФУТБОЛУ 48.png

баштап А. ф. колледж ж-а ун-ттердин негизги оюну болуп калган. Анын профессионалдык уюмдары уюшулгандан кийин 1921-ж. Улуттук футболдук лига түзүлгөн. Лиганын эң белгилүү мелдеши – Супер Боул (Суперкубок) кубогу жылына бир жолу өткөрүлөт.