АЛЯСКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЯСКА – 1) Түн. Американын түн.-батышындагы жарым арал. АКШнын Аляска штатында. Беринг деңизинин Бристоль булуңу м-н Тынчокеандын аралыгында. Уз. 700 км, туурасы 10-
170 км. Негизинен Алеут кырка тоосун ээлейт;анын кырын аракеттеги (Катмай жанар тоосу,
бийикт. 2047 м) ж-а өчкөн жанар тоолор түзөт.Эң бийик чокусу 2507 м (Вениаминов жанар тоосу). Түн.-батыш жээги ойдуңдуу, көл көп. Тоолуу тундра өсүмдүктөрү басымдуу; чакан мөңгүлөрү бар. 2) АКШнын түн.-батышындагы штаты (1958-жылдан), АКШнын негизги аймагынан Канада бөлүп турат. Аянты 1523 миң км2.
Калкы 736,7 миң (2014). Адм. борбору – Жуно ш. Жерг. калкы – индейлер, эскимостор, алеуттар. А-нын аймагында европалыктардан алгачкы жолу орустар болгон. 1867-ж. падышалык Россия АКШга 7,2 млн долларга сатып жиберген.