АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ – алюминий металлын алууда пайдаланылуучу тоо тектер. Табиятта алюминий 200ге жакын минералдын ж-а тоо тектин курамында кездешет.
Бирок алардын кээ бирөөлөрүнөн гана алюминий алынат. Алюминийдин негизги кенташы - боксит. Анын курамындагы алюминий кычкылы (А1203) 85%ке жетет. Кенташтан адегенде алюминий оксиди, андан кийин таза алюминий электролиттик жол м-н бөлүнөт. Нефелиндүу сиенит ж-а нефелин-апатиттүү тоо тектерден, алунит, андалузит минералдарынан да алюминий алынат. Лейцит, лабродолит, анортозит ж-а силлиманиттүү, андалузиттүү, дистендүү сланецтер келечекте алюминий сырьёсу катары колдонулушу мүмкүн. Алюминий кенташтарынын (рудаларынын) ири кендери Россияда (Урал, Алтай ж-а Краснояр крайлары), Казакстанда, Америкада (Ямайка, Гайана, Суринам, Бразилия), Африкада (Гана, Гвинея),Францияда, Индияда, Норвегияда, Испания
ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда Сандык ж-а Зарделек нефелиндүү сиенит кендери бар.
Ад.: Кирпаль Г. Р., Теняков В. А. Месторождения алюминия // Рудные месторождения СССР. 2-изд. М., 1978., т. 1; ; Одокий Б. Н., Кондырева Г. X. Небокситовые виды алюминиевого сырья в СССР и за рубежом. М., 1978; Минеральное сырьё. Алюминий:Справочник. М., 1997.7.