АЛЮМИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЮМИНИЙ (лат. Aluminium), AI – элементтердин мезгилдик системасынын 3-тобунан  орун алган хим. элемент, ат. н. 13, ат. м. 26,9815. Жер кыртышында таралышы б-ча металлдардын ичинен 1-орунду ээлейт (8,8%). Жаратылыштагы негизги бирикмелери – алюмосиликаттар, боксит, корунд ж-а криолит. Жылуулукту, электрди жакшы  өткөргөн, коррозияга туруктуу, чоюлгуч, жеңил, оңой ширетилүүчү, күмүш сымал ак металл. Таза А-дин (99,996%) с. салм. 27, тыгызд. 2698 кг/мз (20°С), б. эрүү
t 660,24°С, кайноо t 2500°С. Сырткы электрондук катмарында 3 электрону (3s23pi) бар. Si, Си, Zn, Мп ж. б. элементтер м-н ар түрдүү касиеттеги өтө бышык куймаларды пайда кылат. Абада тез окистенгендиктен металлды андан ары  окистенүүдөн сактоочу АlОзтүн жука кабыкчасы м-н капталат. Анын майда күкүмү ысытканда күйөт. Кычкылтек м-н активдүү кошулуу касиети металлдарды алардын оксиддеринен калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Жогорку  темп-рада азот, көмүртек, күкүрт м-н реакцияга кирип, нитридди (A1N), карбидди (А14С3), сульфидди (A12S3), галогендер м-н галогениддерди (AIF3, А1С13) берет. Щелочто оңой эрип, суутекти бөлүп чыгарат да, алюминатты пайда кылат: 2AI+2NaOH+10H2O=2Na[Al(OH)4(H2O)2]+ЗН2. Ал өнөр жайда криолитте (NagAlF6) эритилген бокситти электролиздөөдөн алынат. А.
электр техникасында, авиация өнөр жайда, металлургияда, архитектурада, ядролук реакторлордо, турмуш-тиричилик буюмдарын жасоодо  кеңири колдонулат.