АЛЬПИНИСТТИК ЛАГЕРЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:12, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЬПИНИСТИК ЛАГЕРЬ– альпинисттерди  машыктырып, спорттук чеберлигин өркүндөтүү  үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир А. л. спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт ж-a керек буюм-тайымдар м-н камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик ж-a жыл бою иштөөчү А. л-лер болот. Кыргызстандагы А. л-лердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-ж. уюштурулган. Чоң Алай р-нунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош ш-нан 320 км  аралыкта, деңиз деңг. 3700 м бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-ж. ачылган, Ала-Арча капчыгайында, деңиз деңг. 2100 м бийиктикте, Бишкектен 42 км аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категориясына ээ. 3) «Ала-Too» 1972-ж. Каракол ш-нда уюшулган. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына  чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат.