АЛЬДЕГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЬДЕГИДДЕР– орг. радикал (R) ж-a суутек  атому м-н байланышкан карбонил тобу >С=0  бар орг. бирикмелер классы. А-дин эң жөнөкөй  өкүлү – формальдегид (кумурска альдегиди).  Алардын мол. массасынын көбөйүшү м-н сууда  эригичтиги азаят. Окистенүү даражасы б-ча спирттер м-н карбон к-таларынын ортосун  ээлейт. А-ди окистендиргенде молекуласындагы көмүртектин санына жараша орг. к-талар  пайда болот. Өзүнө таандык к-танын атына уйкаш аталат, мис., кумурска к-тасына кумурска
альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) ж. б. Алар хим. реакцияга өтө жөндөмдүү. Спирттер м-н кошулуп ацеталдарды, гидроксиламиндер м-н оксимди, гидразин м-н гидразондорду, биринчилик   аминдер м-н азометиндерди (RCH=N – R) пайда  кылат. Өнөр жайда СН20 ж-а NH3төн гексаметилтетрамин (уротропин) алынат. А. спирттерди, метил тобу бар ароматтык углеводородцорду, алкендерди кычкылдандыруу, катализатордун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу  ж. б. жолдор м-н алынат. А. спирттерди, карбон к-таларын, полимерлерди, антиоксиданттарды, дары-дармектерди, ароматтык заттарды, синтездик боёкторду ж. б. алууда колдонулат.
С. Адылов.