АЛЫМБЕКОВ Кеңешбек Асанкожоевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1951-ж. т., Ысык-Көл  обл., Ак-Суу  р-ну, Ой-Калча кыш.) – техника  илимд. доктору (2010). 1974-ж. КМУнун  экономика  факультетин  бүтүргөн.  Эмгек  жолун  ЗИСТте  кафедранын ассистенти  болуп  баштаган.  КМУУда  кафедра  башчысы, КРдин  өкүмөтүнө  караштуу Республикалык ” Кыргызстандарт” борборунда    директордун  орун  басары;  Россия  мамлстандарттын  стандарттоо, метралогия  ж-а  сертификациялоо  академиясынын  Кыргыз  филалынын  директору,  директордун  орун  басары;  КЭУда  ил.  иштер  б-ча  проректор.  А.  80ден  ашык  ил. эмгектин (анын 4өө  КР  мамлстандарта  жактырылып  ишке  киргизилген) автору.