АЛЛЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:17, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЕЛЛЬ (гр. allelon ‒ өз ара ) ‒ гомологиялык, б.а. жуп хромосома бирдей бөлүктөрүндө жайгашып, бир эле белгинин өөрчүшүн аныктоочу тукум куума бирдик ‒ ген. Илимге А. термини киргиче, бул гендер аллеломорфтор деп аталган. Ар бир ген өзүнүн белгисин билдире турган экиден кем эмес А-дик абалда болот. Анын бир абалы адатта тукум кууй турган белгинин өөрчүшүн камсыз кылып, басымдуулук (доминанттуу) касиетке ээ. Ал эми экинчи абалында тукум куума белгилер көмүскө түрдө сакталып, рецессивдүү болот. Мис., адамда доминанттуу А. көзгө кара түс, ал эми рецессивдүү А. көзгө көк түс берет. Өсүмдүктө доминанттуу А. гүлдөргө ар кандай түс берет, рецессивдүүсү түссүз гүлдүн өөрчүшүн камсыз кылат. Доминанттуусу баш тамга (А), рецессивдүүсү кичине тамга (а) м-н белгиленет. Бир А-дик жупка кирүүчү гендер окшош тамга м-н белгиленет, (мис., АА, Аа, аа же ВВ, Вв, вв ж. у. с.). Гомологиялык жуп хромосомалардын ар биринде ошол гендин бир гана А-и болушу мүмкүн, анткени мейоз учурунда алар ар башка гаметаларга бөлүнүп кетет. Ад.: Дубинин Н.П. Общая генетика. , М., 1976; Полянский Ю.И. Общая биология. М., 1991; Каменский А. А., Ким А. И. Биология . М., 2003.