АЛИЕВ Кеңеш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:26, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Кеӊеш (1938-ж. т., Чүй обл., Панфилов р-ну, Чолок-Арык айылы) ‒ хормейстер, профессор (1992), КРдин эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөӊкөев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1959), Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтун (1964) бүтүргөн. 1964‒69-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера ж-а балет театрында хормейстер, 1969-жылдан башкы хормейстер, бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу, хор дирижёру кафедрасынын

АЛИЕВ68.png

башчысы. Ал 50дөн ашык опера спектаклдериндеги (мис., «Кармен», «Русалка», «Отелло», «Манас» ж. б.) хорлорду жогорку деӊгээлде даярдаган. 1975-ж. К. Алиевдин жетекчилиги м-н Кыргыз радиосунун хору уюшулган. Бир нече медалдар м-н сыйланган.