АЛЖИР 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЖИР (Алжир ш-нын атынан; ар. Эль-Жазаир, Аль-Жазаир), А л ж и р Э л д и к Д е м о к р а т и я л ы к Р е с п у б л и к а с ы (ар. Аль-Жумхурия аль-Жазаирия Демократия аш-Шаабия) ‒ Түн. Африкадагы мамлекет.
АЛЖИР56.png

Түндүгүнөн Жер Ортолук деӊизи м-н чулганып, батышынан Марокко, Батыш Сахара, түш.-чыгышынан Нигер, түш.-батышынан Мали, Мавритания, чыгышынан Ливия ж-а Тунис мамлекеттери м-н чектешет. Аянты 2381,7 миӊ км2. Калкы 38,1 млн (2014). Борбору ‒ Алжир ш. Акча бирдиги ‒ Алжир динары. Адм. жактан 48 вилайяга (адм.-айм. бирдик) бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү. А. ‒ унитардык мамлекет. Конституциясы 28. 11. 1996-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ‒ аралаш (президенттик-парламенттик) республика. Мамлекет ж-а аткаруу бийлик башчысы ‒ президент. Президент түздөн-түз жалпы элдик шайлоодо 5 жылга шайланат. Президент өлкөнүн ички-тышкы саясатын аныктайт, министрлер Советин жетектейт ж-а куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы ‒ Улуттук элдик чогулуш 380 депутаттан турат (5 жылга шайланат). Жогорку палатасы ‒ улуттар Совети 114 депутаттан турат ж-а ар бир 3 жылда жарымы жаӊыланат. Улуттар Советинин курамынын үчтөн экиси 6 жылдык мөөнөткө атайын шайлоо органдары ‒ вилай (облустар) ж-а даир (коммуналар) тарабынан шайланат, үчтөн бири президент тарабынан дайындалат. Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат, премьер-министр президент тарабынан дайындалат. Калган министрлерди премьер-министрдин сунушу м-н президент дайындайт. Өкмөт Улуттук элдик чогулуштун алдында жоопкерчи ликтүү. Саясий партиялары: Улуттук демокр. биримдик, Улуттук боштондук фронт партиясы, Демокр. ж-а социалдык кыймыл партиясы, Демократия ж-а мад-т үчүн биримдик партиясы ж. б.

Табияты.


А. Атлас тоолорунун борб. бөлүгүн, Сахара чөлүн ээлейт. Жер Ортолук деӊиз жээги субтропиктик, калган бөлүгү тропиктик алкактарда жатат. Өлкөнүн түндүгүндө Бийик плато м-н бөлүнгөн бири-бирине жарыш жаткан бийик кырка тоолор Телль-Атлас ж-а Сахара Атласы, о. эле Варсенис (бийикт. 1985 м), Чоӊ ж-а Кичи Кабилия (1200 мге чейин), Ходна (1863 м), Орес (2326 м) өӊдүү тоо массивдери орун алган. Алар тереӊ кууш капчыгайлар м-н бөлүнгөн. Сахара Атласынан түш. тарапта дүйнө жүзүндөгү эӊ чоӊ чөл ‒ Сахара (өлкөнүн 4/5 бөлүгүн ээлейт) жатат. Ал кумдуу (эрг) Чоӊ Батыш Эрг, Чоӊ Чыгыш Эрг, Эрг-Игиди, Эрг-Шеш ж-а таштуу (хамада) чөлдөрдү (Эль-Эглаб платосу, Тадемаит, Тингерт, Танезруфт ж. б.) камтыйт. Алжир Сахарасынын түн.-чыгышында кумга толгон ойдуӊ ж-а туздуу Шот-Мельгир көлүнүн чуӊкурдугу (деӊиз деӊг. 26 м төмөн) жайгашкан. Алжир Сахарасынын көтөрүӊкү түш.-чыгыш бөлүгүн Ахаггар тайпак тоосу (бийикт. 2906 м, Тахат чокусу, А-дин эӊ бийик жери) ээлеп, ал платолор м-н курчалган. Тектон. жактан Атлас тоолору Жер Ортолук деӊиз геосинклиналдык алкагына, ал эми Сахара аймагы байыркы Африка платформасына таандык. А-дин маанилүү байлыктары нефть, газ, темир, коргошун, фосфорит, сымап, уран, алтын, калай, вольфрам, фосфор, барий ж. б.
Түн. А-де субтропиктик, жер ортолук деӊиздик климат үстөмдүк кылат. Кышы жылуу, жаан-чачындуу, жайы кургакчыл, ысык. Январдын орт. темп-расы жээктеринде 12°С, тоо аралык түздүктөрдө 5°С, июлдуку 25°С. Жыл

Атлас тоолору.

дык орт. жаан-чачыны түндүгүндө, тоолордо 1200 ммге чейин (Кабилия), Телль-Атласта 400‒800 мм, тоо аралык ойдуӊдарда 200‒400 мм жаайт. Кышында тоо чокуларында кар 10‒20 күн гана жатат. Алжирдик Сахарага өтмө зонада климаты кургакчыл, жарым чөлдүү (июлдун орт. темп-расы 32‒36°С, жылдык жаан-чачыны 200‒400 мм). Сахарада тропиктик чөл, өтө кургак климат өкүм сүрөт; жылдык жаан-чачыны 50 мм, айрым жылдары жаан-чачын жаабай да калат. Темп-ранын суткалык өзгөрүүсү 20°Сден ашык (жайында күндүз 40°Сден жогору, түн ичинде 20°С, кышында күндүз 20°С, түн ичинде 0°С ж-а андан төмөн). Кургак шамал кумдуу бороонду пайда кылат. А-де нөшөр жамгырда пайда болуп, кайра соолуп калуучу ‒ уэддер (өзөндөр) мүнөздүү. Эӊ ири дарыясы ‒ Шелиф (уз. 700 км), калган уэддер 100 кмден (Эль-Хамман, Иссер, Суммам, Эль-Кабир ж. б.) ашпайт. Түндүгүндөгү уэддерге плотиналар, суу сактагычтар, ГЭСтер курулган. Тоо аралык

Сахара. Алжир оазисиндеги курма пальмалары.

өрөөндөрдө туздуу көлдөр (Шотт-эш-Шерги, Шотт-эль-Ходна, Захрез-Шерги, Захрез-Гарби, Шотт-Мельгир ж. б.) арбын. Ири оазистерде (Тидикельт, Туггурт, Эль-Гома) жер астындагы суунун запасы мол. Түн. А-ге күрөӊ, себхалардын айланасында шор жерлер, Телль-Атласта карбонаттуу, Сахарага тропиктик чөлдүн кум-шагылдуу ж-а кумдуу топурактар мүнөздүү. Жээк бөлүгүн жер ортолук деӊиз тибиндеги бадал аралаш катуу жалбырактуу токой ээлейт. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү: 400‒500 мге чейин дайыма жашыл бадалдар, жапыз дарактар (маквис), маданий өсүмдүктөр (зайтун багы, мисте), андан жогору тыгын ж-а дайыма жашыл эмен, жалбырагы күбүлмө токойлору; 1200‒1500 м бийиктикте алеп кызыл карагайы, 1500‒2000 мде арча, туя, 2000 мден жогору кедр токою. Бийик платодо чөп өсүмдүктөрү (ак кылкан, шыбак, дрок ж. б.) басымдуу. Сахара өсүмдүктөргө жарды, негизинен бир жылдык өсүмдүктөр ‒ эфемер, баялыштар өсөт. Көп жылдык чөп өсүмдүктөрү, тикендүү бадалдар ж-а бадалчалар, кыртыш суулары жер бетине жакын жаткан жерлерде гана кездешет.

Калкы


Калкынын көбүн (73%ин) арабдар түзөт. Алар негизинен алжирликтер, о. эле марокколуктар, египеттиктер ж-а ирактыктар. 26%и берберлер ; мзаб, туарег, француз (0,1%тен ашык) ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 13,5 киши. Телль-Атластын этектеринде, кууш жээк тилкесинде өлкөнүн калкынын 93%ке жакыны жашайт; 1 км2 жерге 300 адамга чейин жетет, тоолордо ж-а Бийик платодо 50, Сахарада 1 адамдан туура келет. Ислам (98% мусулман-сүнөттөр), христиан динин (католик чиркөөсүнө сыйынат) тутат. Расмий тили ‒ араб, о. эле бербер, француз тилдерин да колдонушат. Эркектер калкынын 50,5%ин түзөт. Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники ‒ 70,1, аялдарыныкы ‒ 78,7 жаш. Шаар калкы 58% (2002). Ири шаарлары: Алжир, Оран, Константина, Аннаба, Сетиф, Батна, Бискра ж. б.

Тарыхы.

А-дин аймагынан табылган төмөнкү ж-а ортонку палеолитке таандык эстеликтер бул жерде алгачкы адамдар мындан 300‒400 миӊ жыл мурда эле жашагандыгынан кабар берет. Б. з. ч. 12-к-да А-дин жээктеринде байыркы ливия уруктары (азыркы берберлердин ата-бабалары) жашап турган мезгилде мында алгачкы финикия колониялары пайда болуп, алар Карфагендин айланасына биригишкен. Б. з. ч. 3-к-да ливиялыктар азыркы А-дин түндүк бөлүгүндө массил ж-а массесил уруу союздарын түзүшкөн. Массилдердин уруу башчысы Масинис са б. з. ч. 201-ж. эки уруу союзун бириктирип, Нумидия падышалыгын негиздейт. Анын ж-а анын мураскерлеринин тушунда соода, шаар куруу ж-а мад-т гүлдөп өнүккөн. Б. з. ч. 146-ж. Нумидия Римге көзкаранды абалда калган. Б. з. ч. 117-ж. Масиниссанын небереси Югурта бийликке келип, римдиктерге каршы күрөш жүргүзгөн. Бул күрөш Югуртин согушуна (б. з. ч. 111‒105) алып келген ж-а анын жыйынтыгын да Нумидиянын чыгышы римдик Африка провинциясына, борбору ж-а батышы Цезарей Мавританиясына караган. 
АЛЖИР59.png

429-ж. түн. Сахарадагы көчмөн бербер уруулары тарабынан жардамга чакырылган Испаниядагы герман-вандал уруулары Түн. Африкага келип түшүшкөн. Римдиктерди талкалоо м-н алар бул жерде борбору Карфаген ш. (439) болгон өз мамлекетин негиздешкен. Ал эми 534-ж. вандалдар византиялыктар тарабынан талкаланган. Византиялыктар А-дин жээктерин гана ээлешип, ички аймактарда жерг. бербер уруу башчылары башкарган. Алардын эӊ ириси ‒ бербер-христиан Масуна тарабынан негизделген Жедар падышалыгы болгон. Ошол мезгилдеги жазмаларда ал «мавр урууларынын ж-а римдиктердин падышасы» (маврлар деп римдиктер, аларга чейин гректер ж-а финикиялыктар берберлер м-н африкалыктарды, кийин жалпы эле арабдарды ж-а мусулмандарды аташкан) деп аталган. 664‒702-ж. азыркы А-дин аймагы арабдар тарабынан басып алынган ж-а Омеяддар халифатынын курамына киргизилген. Араб басып алуулары берберлер ж-а пунилердин ислам динин кабыл алышына ж-а араб тилинин таралышына алып келген. 10-к-да А. бардык эле Магриб өлкөлөрү сыяктуу Фатимиддердин курамына кирген. Фатимиддер Египетке кеткенден (973) кийин бийлик Зириддерге (973‒1148) өткөн. 11-к-дын башынан 12-к-дын ортосуна чейин А-де Зириддерден бөлүнүп чыккан Хамадилер династиясы башкарган. 1062-ж. чыгыштан көп сандаган араб урууларынын (бану хилал ж-а бану сулайм) басып кирүүсү жерг. элдердин арабдашуу процессин тездеткен. Өлкөнүн батыш бөлүгүн Альморавиддер, кийин Альмохаддар (1152‒1235) ээлеп, алардын бийлиги бүткүл А-ге таркаган. 13-к-да Альмохаддардын бийлигинин кулашы феод. бытыран дылыкка алып келген. А-дин аймагында бир нече мамлекеттер түзүлгөн, алардын ичинен күчтүүсү Зайяниддер мамлекети (1235‒1551) болгон. 13‒17-к-да арабдашуу процесси м-н катар эле Реконкистанын жүрүшүндө Испаниядан куулган маврлардын А-ге иммиграциясы башталган. 16-к-дын башында Магрибдин жээктерине испандыктар келишкен ж-а 1509‒1510-ж. алар А-дин жээктериндеги бир нече шаарларды ээлешкен. Жерг. башкаруучулар жардам сурап корсар Оружуга кайрылууга аргасыз болушкан. Оружу испандыктарды кыйраткандан кийин А-дин башкаруучусун өлтүрүп, бийликти ээлеп алган. Анын өлүмүнөн кийин (1518) бийликти анын бир тууганы Хайраддин Барбаросса ээлеп, ал өзүн осмон султанынын вассалы деп жарыялап, султандан бейлербей титулун, согуштук кемелерди ж-а замбиректерди алат. 1533-ж. Хайраддин Осмон империясынын флотунун башчысы (капудан-паша) болуп дайындалып, испаниялык ж-а венециялык флотторго каршы согушту жетектейт. А-дин флоту андан ары Испания, Сицилияны, Мальта, Корсика жээктерин, Генуя ж-а Барселона ш-н талап-тоногон. 1541-ж. император Карл V Габсбургдун А-ди курчоосу ийгиликсиз аяктаган. 1551-ж. бейлербей Хасан ‒ паша испандыктарга баш ийген Зайяниддерди кулатып, А-ди өз ээликтерине бириктирет. 16-к-дын экинчи жарымында А. Осмон империясынын провинциясына (пашалыгына) айландырылып, 1568-жылдан бейлербийлерди Стамбулдан дайындалуучу пашалар алмаштырат. 1671-жылдан жерг. башкаруучулар тарабынан дайындалган дейлер (түркчө «дайы» ‒ ага) пашалар м-н бийликти формалдуу түрдө гана бөлүшүп келишкен. 1711-ж. Дей Баба Али Шауш түрк пашасын өлкөдөн кууп чыгып, султанга салык төлөөдөн баш тарткан. Европа мамлекеттери де-факто А-дин көз каранды эместигин таанышкан. 1628-ж. Франция, 1662-ж. Англия, 1680-ж. Голландия А. м-н келишим дерди түзүшкөн. А. узак убакыт бою каракчылыктан чоӊ кирешелерди алып турган. 17-к-дын башында эле ортомчу монахтардын жардамы м-н А-ден 37720 европ. туткундар сатылып алынган. 18-к-дын башында согуштук кемелердин ж-а янычарлардын азаюусу дейлер мамлекетин алсыраткан. 14. 6. 1830-ж. А-дин жээктерине француз эскадрасы келип түшүп, 5-июлда өлкөнүн борбору ‒ Алжир ш-н ээлешет. Дей Хусейн жеӊилгендигин билдирип өлкөдөн чыгып кеткен. А-де эмир Абд аль Кадир жетектеген француздарга каршы күрөш башталган. Эмир жеӊилгенден кийин да күрөш улантыла берген. 1834-жылдан А. Франциянын колониясына айланган. Француз өкмөтү А-ге француздардын гана эмес башка европ-дын да келип отурукташуусун колдоого алган. 1847-ж. мында 110 миӊ европ-тар (1911-ж. 752 миӊ), а. и. 47 миӊ француздар, о. эле испандар, италяндар, немецтер ж. б. жашашкан. Колонисттер мол түшүмдүү жерлерди ээлешип, жерг. калк тоолуу ж-а чөлдүү аймактарга көчүрүлгөн. 19-к-дын аягы ‒ 20-к-дын башында түзүлгөн жаш алжирликтер кыймылы боштондукка чыгуунун жолун француздар м-н ассимиляциялануудан көрүшкөн, ал эми традиционалисттер француз өкмөтүнө кызмат кылуудан баш тартуу, «ислам мыйзамдарын ж-а салттарын» сактоо талапта ры м-н чыгышкан. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда традиционалисттер Осмон империясын колдоп чыгышкан, ал эми жаш түрктөр болсо Францияны колдошкон. Согушка катышкан француз армиясынын катарындагы 173 миӊ алжирликтин 25 миӊи курман болгон, 120 миӊ киши Францияга коргонуу курулуштарына алынып кеткен. Айрым аймактарда мобилизация га куралдуу каршылык көрсөтүү аракеттери болуп өткөн. 1920-жылдан алжирликтердин укугу үчүн күрөштү Абд аль Кадирдин небереси Халид жетектеген. Европадагы рев-ялык идеяларды алышкан алжирликтер А-ге кайтып келишкен соӊ саясий партияларды негиздешкен. 1920-ж. коммунисттер секциясы (1936-жылдан Алжир коммунисттик партиясы), 1926-ж. «Түндүк африкалык жылдыз» улуттук-рев-ялык уюму түзүлгөн. Бул уюм 1937-ж. Алжир элинин Партиясына айланган. 1931-ж. түзүлгөн Алжир улемдер ассоциациясы «А. ‒ менин мекеним, ислам ‒ менин диним, араб ‒ менин тилим» урааны астында улуттук өз алдынчалык үчүн күрөшкө чыгышкан. Францияда Элдик фронттун жеӊиши алжирликтерге айрым саясий укуктарды берген. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында А-де саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. 1940-жылдын июнундагы Франциянын капитуляцияланышы нан кийин А. Германия ж-а Италия үчүн тамак-аш ж-а сырье булагына айландырылган. 1942-ж. ноябрда А-ге АКШ ж-а Англиянын аскерлери түшүрүлгөн. Жүз миӊдеген алжирлик тер француз армиясынын катарында Тунис, Италия, Франция, Германияда фашисттерге каршы күрөшүшкөн. 1943-ж. патриоттор тарабынан түзүлгөн Манифестте алжирликтер европалыктардын артыкчылыктарын жоюу, алжирликтерди өлкөнү башкарууга катыштыруу ж-а Уюштуруу чогулушун чакыруу таламдары м-н кайрылышкан. 1945-ж. башталган колонисттер ге каршы көтөрүлүштү басуу убагында 40 миӊ алжирлик курман болгон. 1947-ж. француздар тарабынан сунушталган жаӊы мыйзам (статус) иш жүзүндө колониалдык режимди сактап калган. Өлкөнүн тоолуу аймактарында жашыруун партизандык топтор аракеттене баштаган. 1954-ж. түзүлгөн А-ди Боштондукка Чыгаруу Фронту 1-ноябрда көтөрүлүш баштап, бул 1954‒62-ж. улуттук рев-янын башталышына алып келген. Анын жүрүшүндө А. мамлекетинин жогорку саясий-адм. органы ‒ Алжир рев-ясынын улуттук Совети түзүлгөн. Бирок Франциянын согуштук жактан артыкчылыгы согуштун узакка созулуп кетүүсүнө алып келип, 1 млнго жакын алжирлик курман болгон, 2 млнго жакыны түрмөлөргө камалган, 9 миӊ айыл-кыш тактар талкаланган. Бирок алжирликтердин каршылыгынын улануусу, БУУнун кысымы ж-а 1959-ж. сентябрда Франциянын президенти Шарл де Голль тарабынан алжирликтердин өз алдынчалуулук укугунун таанылышынан кийин, Франция Улуттук Боштондук Фронту (УБФ) м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. Сүйлөшүүлөр ок атууну токтотуу ж-а А-ге өз алдынчалыкты берүүнү шарттаган Эвиан келишимдерине кол коюу м-н аяктаган (1962). 1. 7. 1962-ж. референдумдун жыйынтыгында А. көз каранды эмес мамлекетке айланган. 1962-ж. 25-сентябрда Уюштуруу чогулушу Алжир Элдик Демократиялык Респ-нын (АЭДР) түзүлгөндүгүн жарыялаган ж-а Бен Белла башында турган өкмөттүн курамын бекиткен. Өлкөдөгү оор экон. абал ж-а Бен Белланын кетирген катачылыктары 19. 6. 1965-ж. төӊкөрүшкө алып келип, бийликке Х. Бумедьен жетектеген Рев-ялык Совет келген. 1966‒74-ж. анын өкмөтү бардык чет элдик ишканаларды мамлекеттешти рип, агрардык реформа жүргүзүлгөн. Өлкөдө 6 миӊ кооператив, 660 ири өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү системасына зор көӊүл бурулган. 1976-ж. АЭДРдин жаӊы конституция сы ж-а Улуттук хартия кабыл алынган. Президент Ш. Бенжедид (1979‒92) мезгилинде нефтиден түшкөн кирешелердин азаюусуна байланыш туу өлкөнүн социалдык.-экон. абалы начарлаган. Өлкөдө исламисттик ж. б. коомдук-саясий агымдар күч алган. 1989-ж. көп партиялуулукка уруксат берилген жаӊы конституция кабыл алынган. Жаӊыдан түзүлгөн Исламды сактап калуу фронту (ИСФ) партиясы таасирдүү күчкө айланып, 1991-ж. парламентке болгон шайлоонун 1-турунда ишенимдүү жеӊишке жетишкен. Алар А-ди «ислам мамлекетине» айландыруу идеясын таркатышкан. 1992-ж. Ш. Бенжедид отставкага кеткен. Анын ордуна бийликке келген Жогорку мамл. совет шайлоолордун экинчи турун жокко чыгарган. Өлкөдө абал армиянын көзөмөлүнө өткөн, ага жооп кылып ИСФ согушчандары террордук аракеттерди башташкан. А-де граждандык согуш башталган. 1992‒97-ж. эле 400 миӊ алжирликтер Европага кетүүгө аргасыз болгон. Согуштун жүрүшүндө 1998-жылга карата 100 миӊ киши өлтүрүлгөн. ИСФтин 20 миӊден ашык мүчөсү камакка алынган. Жогорку мамлекеттик советтин башчысы генерал Л. Зеруаль 1993-ж. исламисттер м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 1996-ж. өткөрүлгөн жалпы элдик референдум АЭДРдин жаӊы конституциясын кабыл алып, президенттик республика түзүлгөн. 1999-жылдагы шайлоодо жеӊишке жетишкен АЭДРдин президенти Абд аль Азиз Бутефлик А-деги ок атууну токтотуу ж-а өлкөдө социалдык-экон. абалды жакшыртуу аракеттерин жасаган. 2002-ж. өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 23 партия катышып, эӊ көп добушту Улуттук Боштондук фронту жеӊип алган. Бутефликтин 5 жылдык экономиканы калыбына келтирүү планында 150 миллиард долларга жакын инвестиция, 1 миллион турак жайдын курулушу, тышкы карыздын жоюлушу жана 2005-ж. чейин 30%тен ашкан жумушсуздуктун кыскарышы каралган. Бул Кытайдын мамл. корпорацияларынын Алжир рынокторуна киришине шарт түзгөн, алар 2004-жылдан курулуш тармагында, а. и. Скикдеги маанилүү мунай иштетүүчү заводду реконструкциялоо б-ча негизги келишимдердин көбүн алган. 2005-ж. февралда Франция тарабынан «Улутту таануу жана анын француздук патриотторду колдоого кошкон салымы жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы француз-алжир мамилелеринин ортосунда кризисти күчөтүп, «терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңги соодасына, мыйзамсыз автотранспортко жана подполье эмиграциясына каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө» келишимге кол коюшса да, даярдалып жаткан достук келишиминен баш тарткан. Сентябрь айында элдик референдум бейөкмөт уюмдардын (атап айтканда, жарандык согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү болгон Сумуд ассоциациясынын) каршылыгына карабастан, президенттин «Тынчтык жана ынтымак хартиясын» бекитти (расмий маалыматтар б-ча 97% добуш беришкен), анда куралдуу күрөштү токтотуунун ордуна бандиттик түзүмдөрдүн мурдагы мүчөлөрүнө мунапыс жарыялоо каралган. 2006-жылдын февраль-сентябрь айларында Адам укуктары б-ча эл аралык федерация тарабынан сынга алынган « Хартия» күчүнө кирип, бирок октябрда эле «Жихад жана салафизмди үгүттөө тобунун» лидери Абу Мусаб Абдель-Вадуд (Абу Мусаб Друкдаль) «Аль-Каиданын» туусу астында «АКШ м-н Батыш өлкөлөрүнө каршы узак мөөнөттүү согуш» баштоо ж-дө билдирген. Ноябрь-декабрь айларында бүткүл өлкөнү экстремисттик зомбулуктун жаңы толкуну каптаган. 2007-ж. А. Кытай, АКШ, Франция ж-а Аргентина м-н ядролук куралдарды жайылтпоо, тынчтык максатта атомдук энергетика тармагында кызматташуу б-ча бир нече келишимдерге кол койгон. 2008-жылдын январынан экстремисттердин чабуулдары азайганы м-н өлкөдөгү абал оор бойдон калган. Июнда А. А. Белхадемдин ордуна А. Уяхья премьер-министр болуп дайындалган. 2008-ж. ноябрда парламенттик шайлоодо конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Бул Бутефликке 2009-жылдын апрелинде көпчүлүк добуш м-н кайра шайланууга мүмкүндүк берип, 3 млн жумушчу орундарын түзүү, мамл. секторду ж-а инфраструктураны модернизациялоо б-ча масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу программасын иштеп чыккан. Өлкөгө кытайлык миңдеген жумушчулардын ж-а адистердин агылып келиши алжирлик жаштардын арасында нааразылыкты туудурган. Өлкөдө бюрократия, коррупция ж-а экстремизмдин күчөшү 2010-жылдын декабрында социалдык жарылууну жаратып, Тунистеги 2-«Жасмин революциясынын» чыгышына түрткү берген. 2011-ж. январда  Алжирде массалык демонстрациялар башталып (адегенде борбордо, андан кийин аймактарда), кыска мөөнөттүү камакка алуулар м-н коштолгон. 2011-жылдын 24-февралында президент өлкөдөгү 19 жылдык өзгөчө абалды алып салуу, жумушсуздук м-н күрөшүү, басма сөз эркиндигин кеңейтүү ж. б. мыйзамдарды кабыл алган. 2012-жылдын 10-майындагы парламенттик шайлоолордон кийин парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн Улуттук боштондук фронт ж-а Улуттук демократиялык союздун өкмөтчүл коалициясы сактап калган. 2014-ж. апрелде Бутефлик 4-мөөнөткө шайланган. 2019-жылдын 2-апрелинде Бутефлик бешинчи мөөнөткө талапкерлигин койгон, бирок ага каршы массалык нааразылык акцияларынан кийин президенттиктен кеткен. 2019-жылдын декабрында Абдельмажид Теббун Алжирдин президенти болуп шайланган. 2020-жылдын 1-ноябрында жалпы элдик референдумда өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, анда президент  эки мөөнөткө шайланып, ыйгарым укуктары кыскартылган.

Экономикасы.


А. ‒ нефть-газ ж-а тоо-кен өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциясынын 56,5% өнөр жайына ж-а курулушка, 33,4% тейлөө чөйрөсүнө, 10,1%и а. ч-га таандык. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 552,6 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 14,3 миӊ доллардан (АКШ; 2014) туура келет. Экономиканын негизин тоо-кен казуу өнөр жайы түзүп, 1967-жылдан мамл.компания «СОНАРЕМ», нефть-газ сектору «СОНАТРАК» тарабынан көзөмөлдөнөт. Нефть казып алуу б-ча Африкада Нигерия, Ливия, жаратылыш газы б-ча дүйнөдө Россия, АКШдан кийин 3-орунда турат. Сыртка сатылган нефть мамл. бюджетке кирешенин 2/3син ж-а сырттан түшкөн валютанын 95%ин түзөт. Нефтинин запасы 1 млрд т, газдыкы 3000 млрд м3дай. 2000-ж. 32 млн т нефть (72% Европалык Союзга кирген өлкөлөргө, 17% Түн. Америкага), 62 млрд м3 газ экспорттолгон. А-ге Африкада өндүрүлгөн темирдин 2,8% туура келип, анын 40‒50%и экспортко чыгарылат. О. эле таш көмүр, түстүү металлдар (цинк, коргошун, күмүш, жез, сурьма ж. б.), уран, вольфрам ж. б. өндүрүлөт. Сымап өндүрүү б-ча дүйнөдө Кырг-н, Испаниядан кийин 3-, экспорттоо б-ча 4-орунда турат. Жылуулук электрстанциялары басымдуу, алар мазут м-н табигый газда иштейт. 2007-ж. 35 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. 1993-ж. Айн-Усеры ш-на жакын атом реактору (кубаттуулугу 15 м Вт) ишке киргизилген. Кара (жылына 1,8 млн т болот өндүрүлөт) ж-а түстүү металлургия (Газаветте ‒ цинк, Аззаб ш-нда сымап), нефть ажыратуу (жылына 26,5 млн т чийки нефть иштетилет), машина куруу (оор жүк ташуучу автомобилдерди ж-а тракторлорду кураштыруу), «Пежо» автомобилинин кыймылдаткычын, автобус, экскаватор, вагон, темир жол жабдууларын, станок, электр-тех. ж-а электроника, жер семирткич, текстиль (жерг. пахтаны ж-а жүндү пайдаланат), кагаз, цемент, айнек, тыгын (пробка) сырьёсун өндүрүүчү өнөр жайлары иштейт. Тамак-аш (шарап, консерва, тамеки, ун, зайтун майы) өнөр жай ишканалары Түн. А-дин ар бир шаарында бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, сайма саюу, карапа, фаянс идиштери, тиричиликке керектүү согулган ж-а жез буюмдар) өнүккөн. Жылына 2,7 миӊ м3 жыгач (негизинен Телль-Атлас тоолорунун алеп кызыл карагайыйы, атлас кедри токойлорунан) даярдалат. Өзгөчө тыгын эменинин мааниси зор, анткени 6‒8 жылда бир кабыгын сыйрып алып, андан дүйнөдөгү эӊ мыкты тыгын даярдалып, экспортко чыгарылат (Испания м-н Португалиядан кийин 3-орунда). А-дин жер ресурстары чектелүү, а. ч-га жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 17%ин гана ээлейт; анын 80%и жайыт. А. ч-нын негизин дыйканчылык түзүп, агрардык продукциянын 3/4үн берет. Дыйканчылык негизинен деӊиз жээктеринде (Жер Ортолук деӊиз тибиндеги а.ч.), тоо этектеринде, тоо аралык өрөөндөрүндө өнүккөн. Кургакчыл аймактарга сугат дыйканчылыгы мүнөздүү; жашылча-жемиш өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көпчүлүгүн 4/5 бөлүгүн дан эгиндери ‒ буудай, арпа, жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), сулу ээлейт. Цитрус өсүмдүктөрү, Сахара оазистеринде курма пальмасы, Кабилияда зайтун дарагы өстүрүлөт. Деӊиз жээктеринде жүзүмчүлүк өнүккөн. А. ч-нын экспорттук продукциясынын 60%ин шарап ж-а мейиз түзөт. Экспорт үчүн тамеки айдалат. Мал чарбасы тоюттун жетишсиздигинен начар өнүгүп, калктын эт, сүткө болгон керектөөсүн канааттандыра албайт. Ошондой болсо да Сахара чөлүндө, Бийик платодо ж-а ички түздүктөрдө, бөксө тоолордо жарым көчмөн, көчмөн мал чарбасы элдин жалгыз тиричилик кылуу каражаты болуп саналат. 2000-ж. 245 миӊ төө, 3,2 млн эчки, 17,5 млн кой, 1,6 бодо мал, 44 миӊ жылкы, 110 млн үй кушу, 43 миӊ качыр болгон. Жер Ортолук деӊиз балыкка (анчоус, сельдь, скумбрия, креветка, кальмар ж. б.) бай, жылына 100‒110 миӊ т балык кармалат. Өзгөчө тыгын (пробка) эменинин ролу зор. Жылына 300‒600 миӊ т тыгын сырьёсу даярдалат. Сырьё иштетилгенден кийин экспортко жөнөтүлөт. Альфа чөбү жылына 90‒100 миӊ т даярдалып (дүйнөдө 1-орунда), кагаздын, целлюлозанын мыкты сортторун чыгарууга жумшалат. Автомобиль жолунун уз. 108,3 миӊ км (а. и. асфальтталганы 71,7 миӊ км). Темир жолунун уз. 4 миӊ км (а. и. 283 км электрлештирилген). Алжир ‒ Лагос транссахара автомобиль магистралынын мааниси зор. Порт инфраструктурасы жакшы өнүккөн. Башкы порттору: Алжир, Аннаба, Арзев, Скикда, Оран, Мостаганем, Бежая. Соода флотунун тоннажы 838 миӊ рег. бр.т (930 миӊ т дедвейт). Жалпы куур транспортунун уз. 27,1 миӊ км (а. и. чийки нефтиники 6612 км, нефть продукциясыныкы 298 км, жаратылыш газыныкы 14,6 миӊ км). Эки газ кууру аркылуу Европага (Италияга 24 млрд м3; Испания м-н Португалияга 8,5 млрд м3) газ экспорттолот. А. аркылуу Батыш Европаны Африка м-н байланыштыруучу эл аралык авиа жолдорунун бардыгы өтөт. Өлкөнүн борборунда эл аралык Дар-эль-Бейда аэропорту иштейт. Сыртка нефть, суюлтулган газ, нефть продукциясы, темир, фосфорит, сымап, шарап ж-а суусундуктар, жемиш ж-а эрте бышчу жашылчалар, зайтун майын, тамеки, альфа сырьёсу, тыгын, мал (тирүүлөй), жүн, килем чыгарат. Сырттан машина ж-а машина жабдууларын, металл буюмдарын, транспорт каражаттарын, тиричилик товарларын алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Италия, Испания, Германия (2003).

Маданияты.


А-дин билим берүү ж-а эл агартуу системасы мектепке чейинки (бала бакча), башталгыч ж-а орто мектептерди, кесиптик-тех. окуу жайын, тармактуу ун-тти ж-а анын борборлорун, жогорку улуттук мектептерди ж-а ин-ттарды камтыйт ж-а аларды эл агартуу министрлиги көзөмөлдөйт. Жогорку билим алуу ж-а ил.-из. иштери А. жогорку билим берүү ж-а ил.-из. иштери б-ча министрлигине таандык. А-да жалпы билим берүү (9-жылдык) акысыз жүргүзүлөт. Толук орто билим алуу 13 жылга созулуп, бакалавр күбөлүгү берилет. Аны м-н ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат. А-де 7 ун-т ж-а 170ке жакын ЖОЖ бар. Ирилери: А. ун-ти (1879), Х. Бумедьен табигый илимдер ж-а технология ун-ти (1974), Оран ун-ти (1986), Константин ун-ти (1969), Ислам ун-ти (1984), Бумердесте СССРдин жардамы м-н нефть-газ, текстиль тармактары үчүн техникумдар ж-а ЖОЖ (1986), Аннабады тоокен, металлургия өнөр жайы үчүн, ун-т (1975) ж. б. Эль-Харрашта жогорку ветеринария мектеби ачылган. Ири ил.-из. мекемелери: Пастер ин-ту (1910), ядро изилдөө ин-ту (1966), Гёте (1963) ин-ту ж. б. Ири китепканалары: улуттук (1835) ж-а А. ун-тинин китепканасы (1880). Башкы музейлери: улуттук эзелкилер музейи (1897), А. улуттук музейи (1930), этногр. музейи (Бардо вилласы, 1930), революция музейи (1983).
А-да 30дан ашык гезит араб ж-а француз тилдеринде чыгат. Эӊ негизги араб тилиндеги гезиттери: «Аль-Ватен», «Аль-Яум», «Аль-Хабар»; француз тилинде «Уl Moudjahid», «Matin». О. эле бербер тилинде «Ассалу», англис тилинде «North African jornal» гезиттери чыгат. А-да «Альжери пресс сервис» (1961), 1999-жылдан «Ажанс альжерен д'энформасьон» (жеке менчик) маалымат агентчиликтери иштейт. Телекөрсөтүүнү ж-а радиоуктурууну «Радио-телевизьон альжерьен» компаниясы көзөмөлдөйт. Бардык мамл. телекөрсөтүүлөр араб тилинде көргөзүлөт. Радиоуктуруу араб, бербер ж-а француз тилинде уктурулат. А-дин ад-ты араб, бербер ж-а француз тилинде өнүгүп келген. 8‒9-к-дан тартып, ад-ты А-дин аймагындагы жайгашкан мамлекеттердин араб классикалык каада-салттын негизинде өнүккөн. Араб тилиндеги жаӊы ад-ты 20-к-га таандык болуп, Мухаммед Бен Шенеба, Абд аль-Хамида Бен Бадистин ысымдары м-н байланыш туу. 19-к-дын 2-жарымынан Муфди Закария (улуттук гимндин автору, 1955) ж-а Мухаммед аль-Ид учурдагы поэзияны негиздөө чүлөрдөн. 20-к-дын башында А-да драматургия («Жеха» Аллалу и Дахмуна, 1926) калыптана баштаган. Проза 2-дүйнөлүк согуштан кийин калыптан ган. 1950‒60-ж. улуттук-боштондук согуш ж-а социал. прогресс үчүн (Ахмед Рида-Хуху, Ахмед Ашур, Зухур аль-Ваниси, Абд аль-Мажид аш-Шафии, Ханафи Бениса, Фадиль Масуди) болгон күрөш араб-мусулмандары м-н батыштын мад-тынын кагылышуусуна (Абд аль-Хамид Бенхедуга, ат-Тахир Ваттар) алып келген.
Бербер тилиндеги ад-тында көрүнүктүү орунду кабилдердин чыгармалары ээлейт. Поэзиясы улуттук боштондук кыймылды даӊктап ырдайт. Моханд-у-Мхандын чыгармалары кабил поэзиясынын туу чокусу болуп эсептелет.
Француз тилиндеги ад-ты 1920‒30-ж. (Ж. Амруш негиздөө чү) толук калыптанып, М. Фераундун «Кедейдин уулу», 1950; «Жер жана кан», 1953 ж-а М. Маммеринин («Унутта калган дөбө», 1952; « Качан акыйкат уйкуда» , 1954) романдарында берберлердин турмушу чагылдырылган. 1956-ж. Парижде Катеб Ясиндин «Неджма» романы чыккан. М. Хаддаддын романдары («Мен сага газель белек кылам», 1959; «Суу жээгиндеги гүлдөр унчукпайт», 1961) интеллигенция нын согуштагы ролун анализдейт. Поэзиянын (М. Хаддад, Катеб Ясин, М. Диб, Н. Тидафи, Н. Аба) негизги темасы душманга каршылык көрсөтүү ж-а аза күтүү. 1960‒70-ж. акындар (Х. Бельхальфауи, Ю. Себти, Т. Жаут) чыгармаларында эркиндик үчүн болгон күрөштү даӊктап ырдашкан. 1970-жылдын башында жаӊы муундар (Катеб Ясин, М. Диб, М. Маммери; кийинчерээк ‒ Р. Бужедра, Н.Фарес, Т. Жаут, Р. Мимуни) келип кошулушкан. Кийинчерээк аӊгеме жанры өнүгө баштайт. Пессимизм ж-а үмүтсүздүк пейилин жарандык согуштун башында А-де (1980-ж.) Р. Мимуни («Кайрылган дарыя», 1982) ж-а Т. Жаут («Сөөк чогултуучу лар», 1984; «Чөл ачылышы» , 1987) чыгармала рында чагылдырган. 1990-ж. жазуучу, акындар терроризмди айыптаган чыгармаларын жаратышкан.
А-дин аймагында таштын бетине тартылган сүрөттөр неолит дооруна таандык үӊкүрлөрд ө сакталып калган. Б. з. ч. 2‒1 миӊинчи жылдын аягында финикия колония иск-восу өнүгө баштаган. Б. з. ч. 7‒4-к-да ж-а кийинчерээк А-дин мад-ты Карфагендин мад-тынын таасиринде болгон. Б. з. ч. 3‒1-к-да Мавретания (Батыш А.) ж-а Нумидия (Чыгыш А.) тарыхый мамлекеттеринин иск-восу жерг. бербер мад-ты м-н аралашып, карфаген ж-а грек элдеринин

Тимгаддагы Траяндын триумфалдык аркасы. 2-к-дын аягы.

курулуштарын тургузууга шарт түзгөн. Алар Сума аль-Круб мунарасы (б. з. ч. 3‒2-к.), Медрасен мавзолеи (б. з. ч. 3-к.) ж-а Мавретан падышаларынын бейиттери (б. з. ч. 2‒1-к.). Римдин А-ди басып алышы м-н байыркы грек ж-а Рим арх-расы м-н курулуш ыкмалары жайылтылган. Шаарларда (Жемила, Типаса, Тимгад, Константина) колонна түрүндөгү түз көчөлөрүндө храмдар, театрлар, триумфалдык аркалар, коомдук жылыткычтар ж-а турак жайлар курулган. Алар оймо-чийме ж-а скульптуралар м-н

П. А. Эмери, Л. Микель. Бен-Акнун мектебинин имараты.

кооздолгон. Византия доорунда сепилдер, базилика, баптистериялар, мавзолейлер курулуп, Рим ж-а Византия мезгилинде А-де живопись, скульптура, көркөм кол өнөрчүлүк (айнек идиштер, карапа ж. б.) жогорку деӊгээлде өнүккөн. 7-к-дын аягында мусулман мад-ты таасир эткен. 12-к-да өлкөнүн башкы көркөм борбору Тлемсен ш. эсептелген. О. кылымда кууш ийри көчөлөр ж-а касбалуу (башкаруучунун Хан сарайы м-н) шаарларына мечит, медресе, мончо, дворецтер ж. б. салынган. Шаарларында курулган үйлөрдүн чатыры жалпак болгон. Декоре арх-расында сталактиттер көп колдонулуп, курулуштары кооздолуп (өсүмдүктүн сүрөтү, геом. орнамент м-н каллиграфия) салынган. Осмон падышачылыгынын мезгилинде арх-ра түрк зодчийлигин ж-а декорун колдонушуп, кездеме ж-а килем токууда гүл түшүрүлө баштаган. Карапа ж-а металл иштетүүдө араб, көчмөн калктын чыгармачылыгында жерг. бербер урууларынын үрп-адаттары сакталган. Колония мезгилинде А-де француздар негиздеген форттор европалык типтеги шаарга чейин өсүшкөн. 20-к-дын 1-жарымында А-дин арх-расында негизги шаар курууда Ле Корбюзьенин (1930-ж. Алжир ш-нын пландоосунда комиссия мүчөсү) идеясы чечүүчү роль ойногон. 1881-ж. Алжир ш-да улуттук арх-ра ж-а асем-өнөр мектебинин ачылышы А-ди Европанын көркөм мад-тына тарткан (Мухаммед ж-а Омар Расим, Темам Ранем живописчилери). Көз каранды эмес А-де турак жайлар, мектептер, туристтик комплекстер курула баштаган. Бүгүнкү күндөгү арх-расында негизги ролду сүрөт ж-а декоративдик -прикладдык иск-во тармагы ойнойт. Буга живописчилер м-н скульпторлорду бириктирген улуттук союз, Алжир ш-дагы көркөм ж-а декоративдик иск-во мектеби, о. эле Орандагы көркөм иск-во мектеби кирет. А-дин улуттук чыгармачылыгы ‒ гравюра, металлга оймо-чий ме (сыялоо) түшүрүү, карапаны кооздоо, кездеме ж-а килемге орнамент түшүрүү, сайма саюу аркылуу берилет.
А-дин музыкасы байыркы Магриб мамлекетинин мад-ты м-н байланыштуу өнүккөн. Ал бербер, араб, иран ж-а андалус элинин каада-салты м-н айырмаланат. Булардын ичинен көчмөн берберлердин музыкасы өзгөчөлөнөт. А-дин музыка мад-тында өзгөчө орунду суфия уруусунун (зикр үрп-адаты) музыкасы ээлеген. 20-к-дын башында Европа мамлекеттеринен таасирленишип, А-дин музыкасы жаӊылана баштаган. Декламация ж-а консерватория (1920, Алжир ш.), муниципалдык консерваториясы ж-а декламация музыкасы (1932, Оран), о. эле улуттук муз. ин-т (1962, Алжир ш.) ачылып, классикалык музыка ансамбли (Тлемсен), Улуттук бий ансамбли (1981, Алжир ш.) уюшулган. А-дин музыка мад-тынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон композиторлор ‒ М. Тобаль, А. Абабсы, Х. Бенатиа, А. аль-Ваххаб Кожа; ырчылар ‒ А. Вахди, З. Мохаммед, Т. Амруш, М. Вафа ж. б.
А-де театр өнөрү байыркы улуттук оюндар м-н элдик үрп-адаттарды ж-а о. кылымдагы ди ний ырым-жырымдарды камтыйт. А-де 20-к-дын ортосуна чейин театралдаштырылган оюндар майрамдарда, тойлордо, аза күтүү тажиясында коюлуп келген. Алар элдик ырлар, бийлер, пантомима, ырчы акындар м-н коштолгон. 16-к-дан Гарагуз (түркчө «Каракөз ») улуттук театр өнөрү (Француз өкмөтү 1843-ж. антиколониалдык сатира үчүн жапкан) өнүгө баштаган. 1853-ж. Алжир ш-да 1-театр ачылып, анда дүйнөлүк драматургия коюлуп, француз актёрлору ойногон. 1930-ж. драматург, актёр ж-а реж. М. Бахтарзи 1-театр труппасын түзгөн. 1954-ж. М. Катеб (актёр) «Пегас» жеке менчик труппасын түзүп, кийинчирээк ал А. көркөм ансамблин уюштурган ж-а улуттук театрдын (1963) жаралышына өбөлгө түзгөн. 1960-ж-дын аягында «Деӊиз театры» (1968, Оран), «Жаштар театры» (1969, Алжир ш.) ж. б. пайда болгон. 1968-жылдан Жер ортолук деӊиз жээгиндеги мамлекеттеринин Тимгад ш-нда, 1985-жылдан Ал

Мольердин «Анткор оорулуу» спектаклинен көрүнүш. Драма искусствосунун Орандагы регионалдык борбору.

жир ш-да театр фестивалы өтүп турат. 1986-ж. А-де драматургия ин-ту ачылган. Сиди-бель -Аббес, Аннаба, Блида ж. б. ш-ларда театрлар иштейт.
А-дин улуттук кинематографиясы улуттук рев-я убагында (1954‒62-ж.) пайда болгон. 1957-ж. А. киномектеби негизделген. Биринчи даректүү фильмдер тартыла баштаган. «Отко алоолонгон Алжир» (1958, француз реж-у Р. Вотье), «Ясмин» м-н «Элдин үнү» (1961, М. Лахдар Хамин), «Эркиндиктин мылтыгы » (1961, Ж. Шандерли) ж. б. Көз карандысыздыкка ээ болгондон баштап, Улуттук кино борбору ж-а Улуттук синематика уюшулган. 1967-ж. улуттук кинематография башкармалыгы түзүлгөн. Алгач антиколониалдык фильмдер тартылган. Кийинчерээк «Түн күндөн коркот» (1965, М. Бады), «Каргышка калгандардын таӊы» (1965,

«Омар Гатлато» кинофильминен кадр. Режиссёру М. Алдаш. 1976.

А. Рашеди), «Аурестен соккон шамал» (1966, Хамин), «Жол» (1968, С. Риад), «Мыйзамга каршы көтөрүлгөндөр» (1968, Т. Фарес), «Эркиндик революциясы жөнүндө аӊгемелер» (1969, Р. Лааражи), «Оттуу жылдар хроникасы» (1974, Халим; Каннда өткөн кинофестивалдын чоӊ сыйлыгын алган) ж. б. фильмдер тартылып, дүйнөгө таанымал болушкан. Колониалдык темага байланышпаган алгачкы фильмди («Көмүр өндүрүүчү») М. Буамар 1972-ж. тарткан. Андан кийин «Көчмөндөр» (1975, С. А. Мазиф), «Лейла жана башкалар» (1978, С. А. Мазиф), «Омар Гатлато» (1976, М. Алуаш), «Баатырдын укмуш окуялары» (1978, М. Алуаш), «Шамалдын балдары» (1979, Б. Тсак), «Бир жолугушуунун тарыхы» (1982, Б. Тсак), «Мусанын үйлөнүү тою» (1982, М. Тайиб), «Цитадель» (1989, М. Шуих) фильмдер жарык көргөн. Мындан тышкары С. Риаддын «Таксист Хасан» (1982) ж-а Б. Бахтын «Сырдуу айдоочу» (1991) кинокомедияла ры тартылган. Ислам дининин күчөп баратканын Алуаш «Баб эль-Уэд Сити» (1996) кинофиль минде чагылдырган.
Ад.: Жюльен Ш. А. История Северной Африки. М., 1961., т. 1‒2; Ланда Р. Г. История Алжира. ХХ в М., 1999; Бондаренко С. В. Нефть и газ Египта и Алжира на рубеже ХХ‒ХХI в М., 2003; Царапкина Т. С. Кино Алжира. М., 1986.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Ш. Керимова, Б. Үсөнканов.