АЛЕКСАНДРИЯ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, П р а в о с л а в и е л и к А л е к с а н д р и я п а т р и а р х а т ы ‒ эӊ эски автокефалдык (баш ийбеген, өзүн-өзү башкарган), православиелик чиркөөнүн бири. Аны чиркөөнүн салттуу айтымында б. з. 1-к-нын 30-ж-да евангелист ж-а апостол Марк негиздеген деп ага таандык кылып жүрүшөт. 2-к-да Александрияда епископтук кафедра иштей баштаган. Чиркөө патриархат (негиздөөчү) статусун башка байыркы чыгыш чиркөөлөрү м-н катар эле (Константинополь, Антиох, Иерусалим) Халкидон соборунда (451-ж.) алган. А. ч. башка православиелик чиркөөлөрдүн арасында чоӊ кадыр-баркка ээ болуп, табынуу салтанатында дүйнөлүк патриархтан кийин экинчи аталчу. 16-к-да осмон түрктөрү Египетти басып алгандан кийин А. ч-нүн жолдоочулары абдан азайган. Азыркы А. ч. догматика ж-а культ б-ча башка православиялык чиркөөлөрдөн эч айырмаланбайт. 12-к-га чейин эле Александриялык ырым-жырымдар Византиялык жөрөлгөлөр м-н алмашылган. Кудайга табынуулар грек ж-а араб тилдеринде жүргүзүлгөн. 1928-ж. А. ч. григоряндык календарды кабыл алган. А. ч-н патриарх башкарып, анын резиденциясы Александрияда жайгашкан. А. ч-нө 1 архиепископия, 14 митрополия, 4 епископия кирет, 1 млндон ашык мүчөсү бар.