АЛЕБАСТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:34, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЕБАСТР (гр. alebaster) ‒ бүртүкчөлүү түзүлүштөгү гипстин бир түрү; ак же ачык мала кызгылт түстө. Минералдуу сууларда, көбүнчө ысык булактарда чөкмө түрүндө пайда болот. О. кылымда Италия, Францияда А-дан вазаларды, статуэткаларды ж. б. даярдашкан. Майдаланган гипсти күйгүзүүдөн алынган бириктиргич материалдар да А. деп аталып, курулушта, чаптоо ж-а шыбак ишинде колдонулат.