АЛДАШ МОЛДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:45, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛДАШ МОЛДО, А л д а я р Ж э э н и к е уулу (1874, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Ак-Кочкор айылы ‒ 1930, ошол эле жерде) ‒ жазма акын; санжырачы, эл агартуу ишин баштоочулардын бири, «Замана» агымынын өкүлү. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айылында көчмө мектеп уюштуруп, балдарды окутууга киришкен (1904‒06). Октябрь революциясынан кийин 1919-ж. Жети-Өгүздүн Талды-Булак коктусунда мектеп ачкан. 1921‒22-ж. Алматыдагы кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-ж. «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлик төбөлдөрүнүн адилетсиздигин, карапайым калктын жакырлануусун ашкерелеген. «Баракан жөнүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. А. Молдонун көрүнүктүү чыгармаларынын бири ‒ «Хал заман» (1914). Анда Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Россиянын тийгизген таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсөтүүгө аракеттенет. Ошону м-н катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери м-н жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да баяндайт. 1916-ж. «Үркүн» аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин муӊ-зары реалдуу сүрөттөлөт.