АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛГЕБРАЛЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР ‒  алгебралык эки туюнтманы барабарлоодон алынган, fn=0 түрүндөгү теӊдеме, мында fn ‒ бир же бир нече өзгөрмөгө көз каранды болгон n-даражадагы көп мүчө (ni0). Бир өзгөрмөгө көз каранды болгон А. т. төмөнкүчө жазылат: a0xn+a1 xn‒1+…+an=0, мында n ‒ бүтүн оӊ сан, a0, a1,… an ‒ берилген сандар ж-а теӊдеменин коэфф-тери деп аталат, ал эми x ‒ өзгөрмө чоӊдук, анын сан маанисин табуу керек. Берилген А. т-лерди канааттандырган, б. а. xтин ордуна койгондо берилген теӊдемелерди теӊдештикке айландырган xтин маанилерин теӊдемелердин, о. эле төмөнкү көп мүчөнүн да тамырлары дейбиз: fn(x)=a0xn +a1xn‒1+…+an . Көп мүчөнүн тамырларын анын коэфф-тери м-н байланыштырган Виет формулалары белгилүү, к. Виет теоремасы.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.