АЛГАЗЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
20:35, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЗЫ(Абылгазы) Шералы уулу ‒ 1824‒25-ж. орус падышалыгына барган кыргыз элчилеринин бири. Бугу уруусунун белек уругунун таанымал бийи. Элчилик ишмердиги үчүн Александр тасмасына тагылган алтын медаль м-н сыйланып, аны ага 1827-ж. апрелде Ысык-Көлгө келген А. Л. Бубенов тапшырган. к. Акымбек Олжобай уулу.