АЛАМҮДҮН РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛАМҮДҮН РАЙОНУ ‒ Чүй обл-нда 1940-ж. февралда уюшулуп, 1961-ж. Кант р-нуна кошулган, 1974-ж. кайра өзүнчө район болгон. Район Чүй өрөөнүнүн ортонку бөлүгүнөн, Бишкек ш-нын чет жакасынан орун алып, түндүгүнөн Казакстан Респ-сы, түштүгүнөн Жайыл (Суусамыр аркылуу), чыгышынан Чүй, батышынан Сокулук р-ндору м-н чектешет. Аянты 1,4 миӊ км2. Калкы 148,0 миӊ (2009). Райондо 17 айыл аймагы, 49 кыштак бар. Борбору ‒ Лебединовка кыш.

Жеринин көбү түзөӊ, Чүй ж-а Байтик өрөөндөрүндө жайгашкан. Түш. тарабында Кыргыз Ала-Тоосу (эӊ бийик чокусу Аламүдүн 4875 м) созулуп жатат. Райондун аймагы деӊиз деӊг. 700‒4500 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосундагы Ала-Арча ж-а Аламүдүн капчыгайлары орун алган. Район түндүктөн түштүккө карай 79 км, батыштан чыгышка 18 кмге созулат. Райондун чегинде минералдуу жылуу суу ж-а курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 22‒25°С, кышы мелүүн, январдыкы ‒5…‒15°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 300‒400 мм (анын 40%и жаз мезгилине туура келет). Тоолору мөӊгүлүү, ирилери: Адыгине , Кургак-Төр , Салык ж. б. Суулары Чүй д-нын алабына кирет; райондун аймагынан Аламүдүн (ири куймасы Чуӊкурчак ), Ала-Арча суулары агып өтөт. Мындан башка 33 майда суусу, 12 майда көлү бар. Аламүдүн суусунда 1, Ала-Арча суусунда 2 суу сактагыч курулган. Кыртышы негизинен боз, кара күрөӊ ж-а кара топурактуу. Райондун түзөӊ бөлүгү дээрлик айдоо аянтына айландырылган. Тоолуу бөлү

АЛАМүДүН РАЙОНУ27.png

гүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, тоолуу талаа ж-а тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Ала-Арчанын алабында карагай, арча токою бар. Анда (Бишкектен 30 км аралыкта) Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.
Райондогу 122,7 миӊ адамдын (2003) 49,9%ин эркек, 50,1%ин аялдар түзөт. Кыргыз, орус, уйгур, украин, казак, татар, корей ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши. Жалпы калктын 28,9%и эмгек жашына чейинкилер, 12,7%и эмгек жашынан өткөндөр, калган 58,7%ин эмгек жашындагылар түзөт.
Башка райондорго салыштырганда өнөр жайы, а. ч-сы өнүккөн маанилүү райондордун бири. Эл чарбасында а. ч-нын үлүшү жогору. Мында дыйканчылык м-н мал чарбасынын респ-дагы бардык тармактары өнүккөн. Дыйканчылыктын башкы тармактары: дан чарбасы, тех. өсүмдүктөр, жашылча, багбанчылык ж-а жүзүм өстүрүү. Сугатка жараксыз тоо этектери м-н каптал жерлерде мөмө-жемиш бактары, жүзүм өстүрүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу 81,4 (2004) миӊ га жердин 36,9 миӊ гасы айдоо, 1,4 миӊ гасы бак-дарактар, 2,1 миӊ гасы чабынды, 40,9 миӊ гасы жайыт. Райондо уй, кой-эчки, чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондо 21 өнөр жай ишканасы (Аламүдүн тери ф-касы), монтаждык жасалгалар з-ду, эксперименттик ремонтмех. з-ду, «Эдельвейс» акционердик коому, Аламүдүн тажрыйба-ремонт мех. з-ду, «Сууавтоматика» ж. б. бар. Аламүдүн ГЭСинин каскады (жалпы кубаттуулугу 29,8 миӊ кВт.с) иштейт. Райондо калкты турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү беш комплекстүү кабыл алуу пункту, 10 устакана ж. б. тейлөөчү ишканалар (244 түрү) бар.
Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар ‒ Бишкек ‒ Балыкчы темир ж-а автомобиль жолдору, Ташкент (Өзбекстан) ‒ Бишкек ‒ Алматы (Казакстан) автомобиль жолдору өтөт.

Райондо 39 орто, 1 сегиз жылдык, 1 жатак мектеп, 42 бала бакча, 41 китепкана иштейт. Райондун чегинде ден соолукту калыбына келтирүүчү респ. оорукана ж-а санаторийлер (Таш-Дөбө айыл аймагында), Чүй обл. борб. оорукана (Лебединовка кыш-нда), 5 айылдык оорукана, 7 айылдык бейтапкана, 27 ФАП, Аламүдүн минералдуу жылуу суусунда ден соолукту чыӊдоочу эс алуу комплекси, Чоӊ-Таш кышкы спорт базасы, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу кооз жерлери (Ала-Арча, Аламүдүн, Чуӊкурчак капчыгайлары, Көгүчкөн-Сугат шаркыратмасы ж. б.) бар. «Аламүдүн кабарлары» гезити кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгат.
А. Актанова, А. Мырзаев.