АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ белгилүү бир убакыт ичинде экосистеманын нор

малдуу өнүгүүсүн бузбай булгоочу заттарды топтоп, талкалап (ажыратып), трансформациялап (хим. ж-а биол. айлануудан) анын чегинен чыгарган (биоседиментация, диффузия ж. б. процесстердин негизинде) чөйрөнүн максималдуу динамикалык сыйымдуулугу. Мис., экосистема нын табигый таштандылар м-н бирдикте адамдын иш-аракетинен пайда болгон орг. таштандыларды ассимиляциялоосу (талкалашы ж-а сиӊириши). А. с. көптөгөн табигый (темп-ра, суунун агымынын ылдамдыгы ж. б.) ж-а антропогендик факторлорго, чөйрөнүн биоталык процесстерине, о. эле булгоочу заттардын физ.-хим. касиеттерине байланыштуу.