АКУСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (11)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТУКА (гр. akustikоs ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат менен өз ара аракеттешүүлөрүн жана алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-к-да эле Пифагор муз. аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу менен угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып жана сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физ. жол менен түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги менен термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-к-да Л. Эйлер, Д. Бернулли жана Ж. Д'Аламбер өзөк, пластинка жана муз. аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-к-да Г. Гельмгольц адам жана муз. үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физ. теориясын иштеп чыккан. 20-к-га чейин А. механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Мех. термелүүнүн, үн чыгаруунун жана үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын жана таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү менен 20-к-дын 20-жылдарында А-нын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы жана теориялык А-да серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу жана кабыл алуу закон ченемдери, о. эле алардын чөйрө менен өз ара аракеттешүүлөрү изилденет. А-нын тармактарына электр А-сы, арх-ра А-сы, курулуш А-сы, атм. А-сы, геоакустика, гидроакустика, ультраүн физикасы жана техникасы, психол. А., физиол. А. жана муз. А. кирет.

Ад.: Исакович М.А. Общая акустика. М., 1973.