АКУШЕРЛИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУШЕРЛИК (фр. accoucher ‒ төрөткө жардам берүү) ‒ 1) м е д и ц и н а д а ‒ клиникалык медицинанын кош бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу физиол. ж-а патол. өзгөрүүлөрдү изилдөөчү бөлүмү. Ал ‒ мед. илимдин байыркы тармактарынын бири. А. аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн оорусу ж-дөгү илим ‒ гинекология м-н тыгыз байланышта. Ал кош бойлууларга, төрөткө натыйжалуу жардам берүү ж-а төрөттөн кийин болуучу кабылдоолордун (кан кетүү, сепсис ж. б.) алдын алуу чараларын көрөт. Эне м-н баланын саламаттыгын сактоо максатын көздөйт. 2) В е т е р и н а р и я д а ‒ мал бооз мезгилинде туут ж-а андан кийинки учурда организмде өтүүчү физиол. ж-а патол. өзгөрүүлөр ж-дөгү илим. Ал малды колдон уруктандыруунун теориялык ж-а практикалык маселелерин иштеп чыгат; малды өстүрүү маселелерин уюштуруу, туутуна жардам берүү ыкмасын үйрөтөт. А. анатомия, эмбриология, биохимия, микробиология, физиология, хирургия ж. б. жалпы теориялык ж-а практикалык илимдердин жетишкендиктерине таянат.