АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:54, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ ‒ ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металл, жарым өткөргүч) таралуучу ультраүн толкундарынын эсебинен турактуу электр тогунун пайда болушу. Ал ультраүн толкун энергиясы ж-а импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилишине байланыштуу. Бул учурда үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот. Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө ж-а металлдарда А. э. э. анчалык күчтүү эмес, ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (СdS, CdSe) эффект абдан күчтүү болот. Ошондуктан ал катуу нерселердеги ультраүндүн ургаалдуулугун өлчөөдө, жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.