АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ ‒ аракети катуу нерселерде ж-а суюктуктарда оптикалык диапазондогу электрмагниттик ж-а акустикалык толкундардын өз ара аракеттерине негизделген түзүлмө. Ал оптикалык нурлануунун мүнөздөмөлөрүн (серпимин, уюлдашуусун, жарыктык ишаратын, спектрдик курамын ж. б.) башкарууга ж-а алып жүрүүчүсү жарыктык, акустикалык толкундар болгон маалыматтарды иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет.