АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:42, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР — сырткы чөйрө м-н кичинекей жылчык же түтүкчө аркылуу байланышта болгон курал. Аны биринчи жолу немец окумуштуусу Г. Гельмгольц (1860) ойлоп таап, үн талдоого колдонгон. А. р-дун негизги өзгөчөлүгү ‒ толкун узундугунун резонатордун өлчөмүнө караганда бир кыйла чоӊ төмөнкү жыштыктагы өздүк термелүүлөрдү пайда кылууга жөндөмдүүлүгү. Изилденип жаткан үндүн термелүү жыштыгы А. р-дун өздүк термелүү жыштыгына жакын же барабар болсо, анда резонатордо резонанс кубулушу пайда болот.