АКТИНОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:01, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКТИНОМЕТР ‒ күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн ченөөчү прибор. Иштөөсү каралжын нерсе күн радиациясын өзүнө сиӊирип алып, аны жылуулук энергиясына айландырууга негизделген. Күн радиациясынын интенсивдүүлүгү жылуулук калориясы м-н ченелет. Жаратылышта чылк кара нерсе кездешпегендиктен, практика да А. үчүн бети карартылган платина пластинкасы же көмүр ыштары пайдаланылат. Алар күн жылуулугунун 98%ин сиӊире алат. Күн радиациясынын тикеден-тике жылуулук калориясы м-н ченөөчү приборлор абс. А-лер деп аталат. А. күн нурларынын энергиялык балансын ж-а кургакчылыкты изилдөө иштеринде пайдаланылат.