АКТАНОВ Тойчу Кулунтай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Тойчу Кулунтай уулу (1910, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кашка-Суу айылы ‒ 1942, Воронежге жакын жер) ‒ кыргыз илимпоз-агартуучусу. Ташкенттеги пед. ин-тта окуган (1927‒
АКТАНОВ11.png

30). Фрунзедеги пед. окуу жайында мугалим (1938‒41). Ошол мезгилден баштап ил.-изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле учурда «Кыргызстан» басмасынын редактору болгон. «Кыргыз тилинин синтаксисинин конспектиси» (латын графика сында) деген эмгекти (К. О. Бакеев м-н авторлош, 1937), 6‒7-класстар үчүн «Кыргыз тилинин окуу китеби» (1938‒40), «Учебник киргизского языка» (1938) окуу китептерин жазган. «Окууга жана жазууга үйрөтүү үчүн алиппеси» (Н. М. Абрамов м-н авторлош) 1947-жылдан 1953-ж. чейин жыл сайын басылып келген. А. 10дон ашуун окуу китептердин автору. «Башталгыч, толук эмес орто жана орто орус мектептери үчүн кыргыз тилинин программасын» (1938), И. А. Батманов м-н бирдикте кыргыз тилинин башталгыч класстары үчүн окуу китептерин түзгөн (1936‒38). Бул программанын негизинде орус мектептердин 5‒6‒7-класстарына арналган окуу китептери басылып чыккан (1939). Ал биринчилерден болуп окутуунун пед. ыкмаларын жазып, мектептерге киргизген. Анын ысмы Кашка-Суу орто мектебине коюлган. С. Сыдыков.