АКТАН Арым Кубат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТАН Арым Кубат (26. 3. 1957-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Күн-Туу айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, актёр, КРдин эл артисти (1998), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). 1980-ж. Фрунзедеги С. А. Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын бүтүрүп, «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген. Актан Арым Кубаттын кино ишмердиги кыска метраждуу фильмдерди тартуудан башталган. «Чуркап бараткан ит» ж-а «Кон» документ фильмдери (1990), «Үлүл, сенин үйүӊ кайда?» (1992),«Селкинчек» (1993) кыска метраждуу фильмдери анын алгачкы эмгектеринен. «Беш кемпир» фильми

АКТАН8.png

(1998, «Кыргызфильм», «Ное продюксьон», Франция) эл аралык кинофестивалдарда «Күмүш кабылан» сыйлыгына (1998, Швейцария), «Кинотасмалардын күмүш кутучасы» (1998, Сингапур) ж. б. байгелерге ээ болгон. Ал эми «Маймыл» фильми (2001, Ное продюксьон, Франция, «Кыргызфильм») эл аралык кинофестивалда «Күмүш дельфин» (2001, Португалия) байгесин алган. «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл» үчилтигинде өспүрүм балдардын сүйүү сезимдерин, дүйнөгө көз карашын, турмуштун ар кандай жагдайларына кабылышын, жашоонун маанисин башкы каармандар аркылуу ачкан. «Ырыс алды ынтымак» тасмасы рекламалардын эл аралык фестивалында (1996, Москва) Гран-приге татыктуу болгон. Ал Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 20‒21-кылымдын кинематография муунунун лидери наамын алган. «Беш кемпир» ж-а «Маймыл» фильмдери Америка киноакадемиясынын (2001) «Эӊ мыкты чет өлкөлүк фильм» номинациясына көрсөтүлгөн. III даражадагы «Манас» ордени м-н сыйланган (2011).