АКЫЙ АЙТЫШУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

, а к ы й н е к ы р ы ‒ кыргыз элинин оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын байыркы бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. А. а. кыргыздар болжолу байыркы көчмөн доордо жашаган учурда келип чыккан болуу керек. Акый айтышкандар тууган-уругуна, айыл-конушуна жараша эки жаат болуп бөлүнүп, маӊдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак айтып, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык м-н коркоктугун, социал. тегин көбүрөөк, таамайыраак ашкерелеген, жеке сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. Ыр жалаӊ эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөйт. А. а. муз. аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган.
Кыздар А. а-ну адегенде канча кыз болсо, ошончо кыз эки тарап болуп кезектешип айтышса, кээде жарыша, жапырт айтууга чейин да барышкан. «Акый, акый» деген түшүнүктү кайра-кайра аташып, корулдаган үндү да ашыкча чыгарууга аракеттенип, эки тарап бириникин экинчиси укпай өжөрлөнө ээлигишкен. Ошондуктан адамдар сүйлөшкөндө ар бири сөзгө аралжы бербей кыжылдашууну эл акыйлашуу деп да аташат. А. а. ‒ азыр элдин оозеки чыг-лыгында да, акын-жазуучулар тарабынан да улантылууда. М. Мамыров.