АКСАКАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:46, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСАКАЛ ‒ 1) салттуу кыргыз коомундагы уруунун же уруктун башкаруучусу; 2) эл арасындагы кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. А. көптү көргөн, көптү билген, иш м-н сөзгө канык болгон ж-а айылдын ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Эл бийлөөдө мамилелер өнүккөн учурда А. башкаруу укугунан четтетилип, айылдын кеӊешчиси, калыс киши катары гана болуп калган. Кийинчерээк жалаӊ эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да жашына карабастан А. аталып кеткен.