АКРО ЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРО ЫР (гр. akros ‒ четки ж-а ыр) ‒ ыр сабынын башындагы тамгаларды жогортон төмөн карай окуганда, көбүнчө ырдын кимге арналгандыгын же ким тарабынан жазылгандыгын билдирген, же кандайдыр бир сөз келип чыгуучу тартипте түзүлгөн ыр. Дүйнөлүк адабият тарыхында Акро ыр байыркы доордо эле пайда болуп, азыркы мезгилге чейин колдонулат. Ал кыргыз поэзиясында да кездешет. А. Токомбаевдин «Жашасын жаз», Ж. Мамытовдун «Акро ыр» деген ырлары мисал.