АК-ШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 4 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-ШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ Борб. Теӊир-Тоодогу Сары-Жаз суусунун алабында. Түндүгүнөн Эшек-Арт, түштүгүнөн Боор-Албас, Ак-Зоо, Миӊ-Теке, Кайчы ж-а Кара-Зоо (Жаӊгарт) тоолору м-н чектешет. Уз. 60 км, туурасы 6 км. Өрөөндүн деӊиз деӊг. орточо бийикт. 2300‒2900 м. Чыгышы түзөӊ, батышы бийик, адырлуу, түн. ж-а түш. жагы торпу-белесчелүү. Тоо капталдары кууш өрөөн, капчыгайлуу (Кызыл-Капчыгай, Үч-Кошкон ж. б.). Неотектоникалык тиби ‒ грабен-синклинорий. Неоген м-н палеогендин кумдук, чопо, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Ак-Шыйрак суусунун баш жагында карбондун роговик ж-а чөкмө тектери, ортонку бөлүгүндө ири кристаллдуу кызгылтым түстөгү гранит тектери жер бетине чыгып жатат. Өрөөн аркылуу Ак-Шыйрак суусу агат. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темп-расы ‒15,1°С, жайы салкын, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒220 мм. Чөл ж-а жарым чөл (2900‒3400 мге чейин), талаа (2600‒3800 м), субальп ж-а альп шалбаа (3000‒4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Ак-Шыйрак кыш., метеостанция ж. б. бар.