АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:20, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ‒ б. з. ч. 6‒4-к. ‒ б. з. 1‒5-к-дагы сак ж-а гунн урууларына таандык археол. эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Ак-Чий–Кара-Суу кыштагынын ордунда жайгашкан. Мүрзөлөр төрт чарчы келип, тереӊдиги 2 м болгон. үстү устундар м-н кыналып, таш же топурак м-н бастырылган. Алардан карапа, айнек идиштер, көп сандаган асемделген алтын ж-а күмүш буюмдар (шакек, сөйкө, медальон, скиф-сибирь айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар буюмдар, коло мончоктор, тогоолор, күзгүлөр, о. эле канжар, кылычтын сыныктары, сооттор, жебелер, жаанын бөлүктөрү), айрымдарынан арча табыт табылган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын сөөктөрүнө караганда ошол доордогу адамдар антропологиялык жактан монголоиддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.